DOLON MEDIA

Кыргызстанда бөйрөк саткандар кармалды

Адам органдарын өлкөнүн чегинен тышкары сатуу боюнча туруктуу мыйзамсыз канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун аракеттери аныкталды, деп билдирди УКМК.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында адам органдарын сатуу каналын уюштурган К.А.К. аттуу жаран аныкталган. Аталган жаран чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акчаны (80 мин долларга чейин) төлөөг даяр бейтаптарды издөөнү жөнгө салган. Андан ары Кыргызстандын аймагында “Жалдоочулар” акчалай сыйлык учун донорлорду таап, аларды ички органдарын трансплантациялоого азгыршкан. Донорлор медициналык текшерууден өтүүсү керек болгон, бирок организмдин абалына карабастан оң корутунду чыгарылып келген. Мындан тышкары уюштуруучулар коррупциялык жолдор аркылуу операция жасалуучу клиникага тапшыруу үчүн бейтап менен болгон мамилеси тууралуу жасалма документтерди жасашып, Кыргызстандын чегинен тышкары чыгып турушкан. Донорлор бир бөйрөгү үчүн орто эсеп менен 1 мин АКШ долларынан 7 мин АКШ долларына чейин, жалдоочулар болсо ар бир жиберилген донор үчүн 3 мин АКШ долларына чейин алышкан, ал эми акчанын олуттуу бөлүгү каналдын уюштуруучусуна – 30 мин доллардан 70 мин АКШ долларына чейин түшүп турган. 2024-жылдын 17-апрелинде бөйрөктү трансплантациялоо үчүн кезектеги донорду Кыргыз   Республикасынын чегинен тышкары жөнөтүү учурунда «Манас» аэропортунун аймагынан КР жарандары К.А.К. жана 3.Р.3. кармалды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.