DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Нарында жаңы жыл түнү төрт ымыркай төрөлдү

Жаңы жылдын түнү Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүндө төрт наристе жарык дүйнөгө келди. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн акушери Нарынкүл Дарбышкееванын айтуусунда,  ден соолук сакчылары алардын бирин операция жолу менен төрөтүшкөн. “31-декабрдан 1-январга караган түнү төрт төрөттү кабыл алдык. Үчөөнү энелер өздөрү төрөдү, бирөөнү операция жолу менен төрөтүп алдык. Төрөлгөн наристелердин үчөө уул, бирөө кыз …

Нарында жаңы жыл түнү төрт ымыркай төрөлдү Толугу менен »

Нарында 31-декабрь түнү 32 ар кандай тартип бузуу катталды

Нарын облусунун аймагында жаңы жылдык майрам тынч өттү. Бул үчүн Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын, райондук шаардык бөлүмдөрдүн өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызматта болушту. Коомдук коопсуздукту сактоого облус боюнча 500гө жакын милиция кызматкерлери тартылып, аларга элдик кошуундар жардамдашты. Нарын ОИИБнын маалыматына караганда, ички иштер органдарынын кызматкерлери  майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан жайларда жана эл көп чогулган …

Нарында 31-декабрь түнү 32 ар кандай тартип бузуу катталды Толугу менен »

Коомдук транспорттогу Жаңы жылдык маанай. сүрөт баян

Нарын шаардык мэриясы коомдук транспортто Жаңы жылдык салтанат уюштуруп, жүргүнчүлөрдү акысыз ташыды. Жасалгаланган автобуста Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн артисттери Аяз ата, түлкү, мышык, иттин кебин кийген өнөрпоздор жүргүнчүлөргө Жаңы жылдык маанай тартуулашты.

Ат-Башы: Таштандыдан брусчатка өндүрүлө баштады

Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана ишке кирди. Анда полиэтилен баштыгы жана желим бөтөлкөлөр эритилип, кум аралашмасы менен  брусчатка чыгарылат. Бүгүн, 30-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ишкананы ачуу салтанатына онлайн катышып, кызыл тасмасы кесилди. Долбоордун жалпы наркы 5 миллион 600 миң сом. Бул каражаттын 1,5 миллион сому айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен,  …

Ат-Башы: Таштандыдан брусчатка өндүрүлө баштады Толугу менен »

Нарын: Жылына 100-150 тонна жүндөн кийиз жасалууда

Кара-Бүк аймагындагы жүн иштетүүчү цехте күнүнө 300 килограмм жүн иштелип кийиз жасалат. Бул үчүн жылына 100-150 тонна жүн алынат. Бул жерде жасалган кийиздин 90 пайызы Ысык-Көл облусуна сатылууда. Цех кара жүндун килограммын 5-10, ал эми ак жүндү 20-30 сомго чейин сатып алат. Учурда цехте 5 адам иштеп,  жумуш орду менен камсыз болгон. Цех ишкер К.Жакшылыков …

Нарын: Жылына 100-150 тонна жүндөн кийиз жасалууда Толугу менен »

Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди

Бүгүн, 30-декабрда саат 03:52де кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында Нарын шаарынан 155 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарда жердин силкинүүсү сезилген эмес.

 Балыкчы-Кочкор унаа жолу жабылат. Себеби…

Бүгүн, 27-декабрдан баштап Балыкчы-Кочкор унаа жолунун айрым тилкелери жардыруу иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. “Кыргыз темир жолу”  мамлекеттик ишканасынын билдирүүсүнө ылайык, “Балыкчы-Кочкор” темир жол куруу долбоорунун алкагында долбоорлонгон темир жол тилкесинин 37-чакырымдан 43-чакырымга чейинки аралыгы аска таштарды бойлоп өткөндүктөн, бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу  2024-жылдын 27-декабрынан баштап 2025-жылдын 27-январына чейин Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 39+90-чакырымынан …

 Балыкчы-Кочкор унаа жолу жабылат. Себеби… Толугу менен »

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууда 1 миңден ашуун жумуш орду түзүлөт

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруунун жана эксплуатациялоонун бардык этаптарында 1 миңден ашуун жумуш орду түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда өтүп жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземинде билдирди. Анын айтымында, бул өлкөнүн социалдык жана экономикалык абалына оң таасирин тийгизет. “Кыргызстан үчүн бул долбоор көп кырдуу мааниге …

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууда 1 миңден ашуун жумуш орду түзүлөт Толугу менен »

500гө жакын милиция жана элдик кошуундар коопсуздукка тартылат

Ушул жылдын  30-декабрынан баштап 2025-жылдын 2-январына чейин  Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана райондук, шаардык  бөлүмдөрү жаңы жылга карата күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Коомдун коопсуздугун сактоодо жалпы 500дөй тартип сакчылары жана элдик кошуундар тартылат. Бүгүн, 27-декабрда Нарын ОИИБнын, шаардык жана Нарын райондук бөлүмүнүн өздүк курамы, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү, Күзөт кызматынын …

500гө жакын милиция жана элдик кошуундар коопсуздукка тартылат Толугу менен »