DOLON MEDIA

Нарында ашууларда жол ачык, каттам бар

Бүгүн, 9-январга карата  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Кызыл-Бел, Ак-Бейит, Түз-Бел жана Арка ашууларында күзөт уюштурулуп, жол тейлөө ишканасынын жумушчулары тазалоо иштерин алып барууда.

Маалыматка караганда, Долон, Кызыл-Бел ашуусунда №41 жол тейлөө ишканасынын 13 жумушчусу жана 4 атайын техникасы иш жүргүзүүдө. Ал эми Ак-Бейит, Түз-Бел жана Аркада  №957  жол тейлөө мекемесинин 9 жумушчусу жана 4 атайын техникасы иштеп жатат.

Жол каттамын бөгөттөгөн эч кандай тоскоолдуктар жок. Транспорт үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.