DOLON MEDIA

Өзбекстанда ашыкча салмак менен күрөшүү долбоору ишке ашат

Өзбекстан ашыкча салмактан жабыркаган калктын үлүшүн 50%, семиздиктин 23 пайызга чейин кыскартууну пландаштырууда. Бул тууралуу “Калктын саламаттыгы – 2030” стратегиясынын долбоорунда каралганын  “Кабар” маалымат агенттиги жазды.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, бул максатка туура тамактануу жана сергек жашоо образын жайылтуу аркылуу жетишүү пландалууда.

Айрыкча мектеп жана мектепке чейинки билим берүү тармагында туура тамактанууну камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлгөн. Бул балдар жана жаштар арасындагы семирүүнү 30 пайызга кыскартууга жардам берет. Профилактикалык медицинаны жакшыртууну камсыз кылуу жана тамеки чеккендердин салыштырма салмагын 10 пайызга кыскартуу боюнча чаралар иштелип чыгууда.

Ошондой эле учурда жалпы кабыл алынган стандарттык ыкмалар негизинде Өзбекстандын калкын кеңири масштабдуу медициналык кароо жүргүзүлүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда Өзбекстан калкынын жарымынан көбү ашыкча салмак менен жабыркап келет. Ал эми дээрлик 30 пайызы семирип кеткен. Эскперттердин баамында, 2060-жылга чейин семирүү жана ашыкча салмак көйгөйү Өзбекстандын экономикасына 21,6 млрд доллар зыян алып келиши мүмкүн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.