Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын 40 орунга ылайык Жугуштуу оорулар бөлүмүндө сасык тумоонун курч кармагын түрү менен 52 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 6 бейтап чоң адамдар болсо калганы 5 жашка чейинки балдар.
Аталган бөлүмдүн башчысы Калбүбү Касмалиеванын айтуусунда, дарыланып жаткандардын арасында 20дай бейтап пневмония менен келгендер.
“Сасык тумоо жыл сайын жүрүүчү оору. Бирок быйыл курч кармап, 5 жашка чейинки балдар көп ооруп жатат. Келгендердин көбү дене табы көтөрүлүп, көзүнөн жаш, мурдунан суу куюлуп, тамагы кызарып ириңдеп, өпкөсүнө түшүп пневмония болуп келишүүдө. Азыр дарыланып жаткан 52 бейтаптын 20дан ашыгы пневмония болгондор. Дем алганы оорлошуп, сатурациясы түшүп келгендер бар. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу курч өтүүдө.
Сасык тумоо күчөп жатканда ата-энелер балдарын алып конокко барбай эле үйлөрүндө болгону дурус. Ооруп баштаганда эле антибиотик бербей, бат-бат суюктук берип бейтапты тыкыр караш керек. Суюктук көп ичсе эле организм өзү айдап чыгат”,-деди К.Касмалиева.