Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында айыл тургундары тарабынан 36 түп карабак уруксатсыз кыйылган.
Бактардын уруксатсыз кыйылганы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда белгилүү болгон.
Бул факты боюнча акт түзүлүп, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жалпы суммасы 54 миллион 804 миң 54 сомду түзгөн доо коюлду.
Топтолгон материалдар Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.