DOLON MEDIA

Нарында 57 билим берүү мекеменин директорлук орундары бош турат

Нарын облусунда бүгүнкү күнгө  карата 17 мектептин жана 40 бала бакчанын  директорлук орундары бош турат.

Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директорунун орун басары Сейтек Кошалиев маалымдагандай, Ат-Башы районунда 1, Жумгал  районунда 5, Кочкор  районунда 7, Нарын районунда  4 мектептин директорлук бош орундарына кайра сынак өткөрүлөт.

Ал эми Ак-Талаа  районунда 7, Ат- Башыда  6, Жумгалда 7, Кочкор районунда  7, Нарын районунда 12, Нарын шаарында 1, жалпы 40 бала бакчанын директорлук орундары бош. Буга чейин өткөн сынакта 19 талапкер жетиштүү  упай топтоп, бакча башчылыгына дайындалган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.