DOLON MEDIA

Нарында метапневмовирус катталган жок

Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун  башкы дарыгери Нуржан Бакалова жаңырган жылдын алгачкы жумасында  Нарын облусунда сасык тумоонун  (курч респиратордук вирустук инфекция) 176 учуру катталып, 62 пайызы 14 жашка чейинки балдар арасында аныкталганын кошумчалады.

“Сасык тумоо жыл сайын эле катталуучу оору. Негизинен жылдын 46-жумасында оору күчөйт. Бул метапневмовирус эмес, дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Алдын алуу үчүн  бардык саламаттыкты сактоо мекемелерине  санитардык көрсөтмөлөр берилди.  Адамдар көп чогулган жерге барбай,  оору белгилери байкалган болсо дароо дарыгерге көрүнүү зарыл. Колду бат-баттан жууп, үйдү эки маал желдетүү жана коомдук жайларда беткап тагынуу, антисептик колдонуу керек”,-деди Н.Бакалова.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.