DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Бруцеллез оорусу көбөйдү

Нарын облусунда бруцеллез оорусу көбөйгөн. Бул тууралуу өкүлдүн орун басары Адыл Сапаров коллегияда билдирди. Анын маалыматында, малдын жугуштуу ооруларына карата эмдөө иштери жакшы жүрбөгөндүктөн тогуз айда аталган дарттын 208 учуру катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 47 учурга көп. Алсак, Ак-Талаа районунда 21, Ат-Башыда 22, Нарын шаарында 18 учурга көп катталган. Ошондой эле Ат-Башы районунда …

Бруцеллез оорусу көбөйдү Толугу менен »

Өлкө башчы иш сапары менен Эр-Риядга барды

Президент Садыр Жапаров  иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарына барды. Президент Садыр Жапаровду Эр-Рияд провинциясынын губернаторунун орун басары – Улуу даражалуу ханзаада Мухаммад бин Абдурахман бин Абдулазиз Аль Сауд жана башка расмий адамдар тосуп алды. Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын …

Өлкө башчы иш сапары менен Эр-Риядга барды Толугу менен »

Нарындык жаш тескөөчүлөргө ийгилик!

Россия федерациясынын түштүгүндөгү Анапа шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин арасындагы “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2024” кароо-сынагына өлкөбүздүн атынан Нарын облусундагы мектеп окуучуларынан түзүлгөн курама команда катышып жатат.

Нарында үч маданий жай мамлекетке өткөрүлдү

“Дордой” ассоциациясынын президенти  Аскар Салымбеков менчигиндеги 3 маданий жайды Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берди. Алсак, Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында жайгашкан “Кошой-Коргон” археологиялык жана этнографиялык музейи менен район борборундагы “Дордой” спорт комплекси жана Нарын шаарындагы “AS”  көркөм сүрөт галереясы министр Атунбек Максутовдун катышуусунда өткөрүлүп берилди. Маалымат катары айтсак, “Кошой-Коргон” археологиялык жана …

Нарында үч маданий жай мамлекетке өткөрүлдү Толугу менен »

Жумгал: Ата-Баланы издөө уланууда

Өрнөк айылында  ата-баланын мал кайтарууга кеткен боюнча  дайынсыз болуп жатканына бүгүн, 11-ноябрда 26 күн болду.  Бүгүн аларды издөөгө  33 адам чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай,  издөө  Кызыл-Коргон (Өрнөк) айылынын этегинен баштап, аскер көпүрөсүнө чейин  жүргүзүлөт. Издөөгө чыккан куткаруучулар, жергиликтүү тургундар жана райондук ички иштер органдарында  4 рация, 2 дүрбү, 1 куткаруу унаасы бар.

Жумгал: Ата-баланы издөөгө 14 адам тартылды

Жумгал районунда дайынсыз жоголуп жаткан ата-баланы издөө иштери уланууда. Бүгүн, 8-ноябрь күнү ӨКМдин Жумгал райондук №43 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 4 адам, жалпы 14 адам чыкты. Ошондой эле 6 рация, 2 дүрбү, 1 Toyota Hailux АСМ тартылды. Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын  45 жана 9 жаштагы тургундары мал …

Жумгал: Ата-баланы издөөгө 14 адам тартылды Толугу менен »

Нарын дарыясына түшүп кеткен кызды издөө иштери уланууда

Нарын дарыясына секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөө иштерине бүгүн, 8-ноябрда ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨК бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨК бөлүмүнөн 7 куткаруучу, 20 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 21, жалпы  58 адам тартылды. Шаардык ӨКБ Куланактан баштап Учкун, Пионер, 8-Март айылдарына чейин Нарын дарыясын жээктеп, издөө иштерин жүргүзсө, Ак-Талаа №47 ӨКБ …

Нарын дарыясына түшүп кеткен кызды издөө иштери уланууда Толугу менен »

Мэр журналисттерди куттуктады

Бүгүн, 7-ноябрь-Маалымат жана басма сөз күнү. Бл күндүн урматына Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана вице-мэр Элнура Асангазы кызы кесип ээлерин майрамы менен куттуктап, УТРК Нарын телерадиокомпаниясынын кабарчысы Наргиза Жумадил кызы менен оператору Жолдошбек Курманбековго Ардак грамота тапшырды. Анда калаа башчы УТРК Нарын телерадиокомпаниясы Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү кадамдарын чагылдырып, элге жеткирүүдөгү чоң салымын белгилеп, …

Мэр журналисттерди куттуктады Толугу менен »

Кыргыз журналистикасына 100 жыл

Бүгүн, 7-ноябрь-Маалымат жана басма сөз күнү. Бул күнү Кыргыз журналистикасына 100 жыл толду. 7-ноябрь 1924-жылы кыргыз тилдүү туңгуч “Эркин Тоо”, азыркы “Кыргыз туусу” гезитинин алгачкы саны жарыкка чыккан. Бул дата 1993-жылы өкмөттүн токтому менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио, телеберүү жана  басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары бекитилген. Расмий эмес түрдө “төртүнчү бийлик” деп аталган журналисттердин …

Кыргыз журналистикасына 100 жыл Толугу менен »

Нарын шарында ата-бабалар эскерилди

Нарын шаарында 7-8-ноябрь -Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнө карата  эскерүү иш-чарасы өттү. Анда кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө,  Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеӊишине салымын кошкон Таабалды Жукеев-Пудовкиндин эстелигине гүл чамбар коюлуп, кыргыз маамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө  зор салым кошкон ата-бабаларга багышталып куран окулду. Шаар башчысы Канболот Тутуев эл-жердин корголушуна кызматын арнап, тарыхый жолдорду басып өткөн ата-балардын эмгегин баалоо, даңктоону …

Нарын шарында ата-бабалар эскерилди Толугу менен »