Ак-Талаа: Сарык оорусунун 21 учуру катталды
Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында жыл жаңыргандан бери гепатиттин А түрүнүн жаңы 21 учуру катталган. Булардын ичинен 11и мектеп окуучулары арасында, калган 10у айыл тургундары. Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ак-Талаа району боюнча жетекчиси Эрлан Бекишовдун маалыматына караганда, илдет катталган аймакта бардык иш чаралар жүргүзүлүп жатканы менен илдеттин …









