DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Нарын облусунда багбанчылык менен алектенгендерге аз пайызда насыялар бериле баштайт

Нарын облусунда багбанчылык менен алектенген ишкерлерге аз пайызда насыялар бериле баштайт. Бул тууралуу 3-мартта багбандар катышкан иш-чарада Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым өкүлчүлүндө өткөн семинардык кеңешмеде маалымдалды. Өкүлдүн биринчи орун басары Адыл Солтоевдин айтымында, өткөн жылы облустун аймагында 39 гектар жерге карагат,  ал эми жети гектар жерге чычырканак отургузулган. Эгер облустун багбандары мөмө жемиштерди отургузууну пландаштырышса …

Нарын облусунда багбанчылык менен алектенгендерге аз пайызда насыялар бериле баштайт Толугу менен »

Сүрөт баян: Оштон арчанын жана роза гүлүнүн көчөттөрү алынып келинди

Ош облусунун Кара- Кулжа районунун питомнигинен жашыл арчанын 1 жарым миң, роза гүлүнүн 700  түп көчөтү алынып келинди. Бүгүн, 30-мартта  жашыл арчанын көчөтү шаардын 64 аймагындагы “Ынтымак” аллеясынын айланасына отургузулду. Калган көчөттөр калаанын РТС, Москва чөлкөмдөрүнө жана мекеме-ишканалардын короолоруна  тигилет. Ал эми роза гүлүнүн көчөттөрү шаардык кире беришине Жаңы-Жол аймагына, Москва чөлкөмүнө, сейил бактарга, шаардын …

Сүрөт баян: Оштон арчанын жана роза гүлүнүн көчөттөрү алынып келинди Толугу менен »

Депутат Мажитова: Балдарга жана аялдарга жасалган ырайымсыз мамилелерге жаңыча күрөш башталат

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова балдарга жана аялдарга жасалган ырайымсыз мамилелерге жаңыча күрөш баштала тургандыгын айтты. Бул тууралуу ал Нарын шаарында өткөн тегерек столдо билдирди. “Өлкөбүздөгү балдарга жана аялдарга карата болгон ырайымсыз мамилелерди алдын алуу боюнча мыйзамдуу жакшы база бар. Бирок, өлкөбүздө мындай кылмыштар, терс көрүнүш көбөйүүдө, ошондуктан бул жаатта системалуу бири- бирин толуктаган иш …

Депутат Мажитова: Балдарга жана аялдарга жасалган ырайымсыз мамилелерге жаңыча күрөш башталат Толугу менен »

Нарын: Айрым айыл өкмөттөр өрт кырсыктарын алдын алууга даяр эмес

Нарын районунун көпчүлүк айылдарында өрт гидранттары  жок болгондугуна байланыштуу, ар кандай өрт кырсыктары катталган учурда ыкчам иш аракеттерди көрүү адам өмүрүн жана товардык-материалдык баалуулуктарды сактап калууда тоскоолдуктарды жаратып келүүдө. Бул тууралуу маалыматты  Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси  Кайрат Турсунов билдриди. Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө райондо 7 даана өрт гидранттары бар, анын 5өө оң абалда …

Нарын: Айрым айыл өкмөттөр өрт кырсыктарын алдын алууга даяр эмес Толугу менен »

Нарында өткөн жылы балдарга карата жасалган зомбулуктун 44 учуру катталган

Нарын ОИИБнын Балдар иштери боюнча инспекциясынын улук инспектору Кутман Нурманбетовдун маалыматына таянсак, облус боюнча өткөн жылы балдарга карата жасалган  44 зомбулук фактлары катталып, мунун ичинен 6 учуруна  кылмыш иши козголуп, иш сотко жөнөтүлгөн. Ал эми 36 учурунда кылмыштын  курамы жок болгондугуна жана тараптардын элдешип алгандыгына  байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган. “Жалпы зомбулук фактларынын 26сы үй-бүлөлүк зомбулук катары …

Нарында өткөн жылы балдарга карата жасалган зомбулуктун 44 учуру катталган Толугу менен »

Нарын шаарында мыйзамсыз коюлган соода точкалары, күркөлөрү алынууда

Нарын шаарындагы борбордук базардын айланасында мыйзамсыз коюлган соода точкалары, күркөлөрү алынууда. Бул тууралуу шаардын муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бакыт Усубалиев билдирди. Усубалиев базардын айланасы буга чейин дагы тазаланганын, бирок соодагерлер күркөлөрүн кайра эле коюп алып жатканын белгиледи. “Шуллер кыска көчөсүнүн тегереги , Токтогул мектебинин айланасы, Чолук-Ата, Чолпон базарларынын  …

Нарын шаарында мыйзамсыз коюлган соода точкалары, күркөлөрү алынууда Толугу менен »

«Нарын суу-канал» ишканасынын директору болуп Айбек Орозобаев дайындалды

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин буйругуна ылайык, «Нарын суу-канал» ишканасынын директору болуп Айбек Орозобаев дайындалды. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жаңы жетекчини эмгек жамаатына шаардын мэри Канболот Тутуев тааныштырды. Буга чейин бул кызматты Сарбагыш Эсеналиев жетектеп келген. Ал өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду. Айбек Орозобаев ким? 41 жаштагы Айбек Орозобаев Нарын шаарында туулган. Ал …

«Нарын суу-канал» ишканасынын директору болуп Айбек Орозобаев дайындалды Толугу менен »

Нарын: Жеке ишкер Таалай Карпеков заманбап сейил багын салып берет

Жеке ишкер ишкер Таалай Карпеков Нарын шаарынын 64 аймагына жаңы типтеги сейил багын салып берет. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы салына турчу сейил бакка спорт шаймандары, фонтан жана башка инвентарлар коюлат. “Атайын даярдалган долбоор жеринде талкууланып, алдын ала жасалуучу жумуштар, жана тийиштүү шарттарды тузүү жумуштарын тез аранын …

Нарын: Жеке ишкер Таалай Карпеков заманбап сейил багын салып берет Толугу менен »

Нарын районунда «Мегаком» уюлдук байланышы үзгүлтүккө учурады

Нарын районунун Жан-Булак, Жерге-Тал жана башка бир катар айылдарда «Мегаком» уюлдук байланышы үзгүлтүккө учурап, иштебей жатат. Бул тууралуу «Долон Медиага» аталган айылдардын тургундары билдирди. Тургундардын айтымында, «Мегаком» уюлдук байланыш кызматы 26-марттан бери тартпай жатат. Ал эми «Мегакомдун» операторлору базалык станциядан электр чубалгысы үзүлүп кеткенин «Долон Медиага» билдиришти. Ошондой эле, учурда техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюу иштери жүрүп …

Нарын районунда «Мегаком» уюлдук байланышы үзгүлтүккө учурады Толугу менен »

Кочкор: Экоактивист кыштата 100 кубдан ашык жасалма мөңгү тоңдурду

Кочкордун Чолпон айылынын тургуну Урмат Өмүрбеков алты айда 100 кубдан ашык жасалма мөңгү тоңдурду. Топтолгон суу Чолпон айыл аймагына караштуу Туз айылындагы 500 гектердай айдоо жердин биринчи сугатына жарайт. Экоактивист былтыр күзүндө тоонун бооруна он эки метрлик бетон түркүгүн орноткон. Анын башына сайдагы сууну түтүк менен алып келип байлап койгон. Оргуштап аккан суу түркүктүн айланасына …

Кочкор: Экоактивист кыштата 100 кубдан ашык жасалма мөңгү тоңдурду Толугу менен »