DOLON MEDIA

Кочкор: 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Кочкор районундагы 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды. 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгынын доосун Нарын  облусунун соту канааттандырды.

 Соттун чечимине ылайык, КР Жер кодексин бузуу менен чыгарылган Кочкор райондук  мамлекеттик  администрациясынын жерди жеке жактарга мыйзамсыз берүү тууралуу 1997-жылдагы буйругу жараксыз деп табылды.

 Тактап айтканда, “Бакыт” кичи сүт-товар фермердик чарбасына тиешелүү 10 гектар сугат айдоо аянты жана 10 гектар жайыт жери мамлекетке кайтарылды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.