DOLON MEDIA

Коом

Британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Бишкекке келди

Дэвид Кэмерон визит учурунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Кэмерон “Азаттыкка” курган эксклюзивдүү маегинде “Кыргызстандын өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керектигин” белгиледи. Кыргызстандын гидроресурстарга бай экенине басым жасаган министр климаттын өзгөрүшү шартында экологиялык долбоорлорду колдоого зарыл экенин билдирди. Бул багытта Лондон орто жана чакан бизнести …

Британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Бишкекке келди Толугу менен »

Депутат Эмилбек Жусупов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов 20-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Ал 2021-жылы “Ишеним” партиясынан шайланып келген. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов менен Акбалык Жумалиева билдирди. Алардын сөзүнө караганда, Эмилбек Жусуповдун арызы БШКнын жакынкы отурумдарында каралат. Буга чейин ондогон үлүшчүлөр парламенттин депутаты Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, …

Депутат Эмилбек Жусупов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды Толугу менен »

Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров казак лидери Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 18-19-апрель күндөрү расмий сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери жолугуп, өз ара кызыгуу жараткан бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулашат. Садыр Жапаров …

Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга барат Толугу менен »

Кыргызстанда бөйрөк саткандар кармалды

Адам органдарын өлкөнүн чегинен тышкары сатуу боюнча туруктуу мыйзамсыз канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун аракеттери аныкталды, деп билдирди УКМК. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында адам органдарын сатуу каналын уюштурган К.А.К. аттуу жаран аныкталган. Аталган жаран чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акчаны (80 мин долларга чейин) төлөөг даяр бейтаптарды издөөнү жөнгө салган. Андан ары …

Кыргызстанда бөйрөк саткандар кармалды Толугу менен »

Айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай калды

Кыргызстанда айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай же үзгүлтүккө учурап жатат. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда. Кээ бир интернет провайдерлерде TikTok иштеп жатат. Андан тышкары VPN менен да ачылууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 17-апрелде өлкөнүн интернет-провайдерлерине TikTok’ту бөгөттөө боюнча кат жөнөткөн. Аталган мекемеге бул платформаны жабуу боюнча …

Айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай калды Толугу менен »

“Чалбасы кыргыздары” тасмасы Чехияда көрсөтүлүп, талкууланды

Өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга кабылган кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн тагдыры тууралуу баяндаган “Чалбасы кыргыздары” документалдуу тасмасы 27-февралда Чехиянын борбору Прагада изилдөөчүлөрдүн чакан чөйрөсүндө көрсөтүлүп, талкууланды.”Сталиндик депортациялар: кулакка тартылган жана Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздар” деген темадагы талкууга тарыхчылар, изилдөөчүлөр жана Чехияда жашаган кыргызстандыктар катышты. Тасманы “Эсимде” изилдөө тобу 2021-жылы Украинанын Херсон, Одесса, Киев аймактарын кыдырып, Кыргызстандын өзүндө да маектерди …

“Чалбасы кыргыздары” тасмасы Чехияда көрсөтүлүп, талкууланды Толугу менен »

Бишкектин соту “24.kg” агенттигине кылмыш ишин ачыктоого тыюу салды

Бишкек шаар соту “24.kg” маалымат агенттигинин кылмыш иши боюнча маалыматтарды ачык жарыялоого тыюу салган тергөөчүнүн аракетин жокко чыгаруу боюнча апелляциялык доо арызын карады. Маалымат агенттиги кабарлагандай, шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Адвокат Нурбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, “24.kg” агенттигинин жетекчилиги тергөөчүнүн басылмага карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу кол койдурганы мыйзамсыз …

Бишкектин соту “24.kg” агенттигине кылмыш ишин ачыктоого тыюу салды Толугу менен »

Кочкордун Ак-Чий айылындагы мектепке ашар жолу менен кошумча корпус курулду

Ак-Чий айылдык орто мектебинин директору Эркин Чекирбаевдин айтымында, мектептеги окуу класстар 50 орунга кеңейди. Орто мектеп буга чейин тар болуп келген. Ичи 100 орунга ылайыкталганы менен бөлмөлөр кичине болуп, бир топ эле ынгайсыздыктар жаралчу. Мындан улам айыл эли жана мектеп жамааты ашар жолу менен эски мектепке кошумча имарат улап, окуу класстар 50 орунга кенейди. Эми …

Кочкордун Ак-Чий айылындагы мектепке ашар жолу менен кошумча корпус курулду Толугу менен »

Арстан Алайдын абактагы өлүмү боюнча иш козголду

Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) абактагы өлүмү боюнча Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Аларга “Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракет жасап жатканда көңүл бурулбай, анын коопсуздугун камсыз кылууга ыкчам чаралар көрүлгөн эмес” деген айып коюлду. 5-январда Абдылдаевдин сөөгү абактын ашканасында асынып турганда табылган. Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин …

Арстан Алайдын абактагы өлүмү боюнча иш козголду Толугу менен »

Садыр Жапаров православдарды Рождество майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Иса пайгамбардын туулган күнүнө байланыштуу өлкөдөгү православдарды куттуктады. Ал “элдин эң башкы байлыгы биримдик” экенин белгилеп, “достук, ырашкерлик жана өз ара түшүнүү мамилелерди көздүн карегиндей сактоо керектигине” токтолду. Ар бир кыргызстандык жаран “динине, этносуна карабай бирдей укугу жана милдети бар” экенин айтты. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда православдар 7-январда Иса …

Садыр Жапаров православдарды Рождество майрамы менен куттуктады Толугу менен »