DOLON MEDIA

“РСК Банк” “Элдик банк” деп өзгөртүлүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга көмөктөшөт

“РСК Банк” (“Расчетно-сберегательная компания” – “Эсептешүү-сактык компаниясы”) ачык акционердик коому “Элдик банк” деп өзгөртүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында жазды. Мамлекет башчы үй-жайы жок жарандарды турак жай менен камсыздоо иш аракеттеринин алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) менен “РСК Банктын” банкын бирге иштетүү чечими кабыл алынганын, аны менен чогуу банк башкача аталышта иштөөгө өтөрүн билдирди. “Бул маселеде жардам бериш үчүн мамлекеттик “РСК Банкы” менен Мамлекеттик ипотекалык компанияны (МИК) өнөктөш кылдык. Эки апта ичинде “РСК банкы” “Элдик банк” болуп аталышы өзгөртүлөт. Жөнөкөй мисал менен түшүндүрсөм, сиз тандаган батир 60 миң долларга бааланып жатат дейли. Сиздин колуңузда 20 миң долларыңыз бар. Кезексиз батир алыш үчүн МИКке 30 миң доллар беришиңиз керек. Батирге жетпей жаткан 10 миң долларды сизге “Элдик банк” (азыркы РСК банкы) беш жылга чейинки мөөнөткө 10 пайыз жылдык үстөк менен берип турат (Коммерциялык банктар 19 пайыз жылдык үстөгү менен беришет). Эң башкысы “Элдик банк” берген кредити үчүн күрөө (залог) талап кылбайт. Күрөөсүз, бюрократиясыз тез эле берет. Алгачкы беш жылда “Элдик банктан” (азыркы РСК банкы) алган каражаттан кутуласыз. Андан кийин МИКтин калган 50% төлөйсүз”, – деп жазды Садыр Жапаров. Президент бул мехнизм октябрдын ортолорунан тартып иштей баштай турганын, муну үчүн “Банк жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл экенин, тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга илингенин белгилейт. Ал үй алууну каалагандарды ага чейин аталган банкта эсеп ачып, каражаттарын чогулта берүүгө чакырат. Президент Садыр Жапаров 13-мартта кол койгон жарлыктын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өткөн. Ага чейин ипотекалык компания Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында болчу.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.