DOLON MEDIA

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызгидромет кызматы 18-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөй турганын билдирди.Бийик тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тоңголок жана тайгак болушу мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27 градус жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз түшкө чейин жаан жаабайт. Түштөн кийин күн күркүрөп, нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнү 14…16°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.