DOLON MEDIA

Шаардык сот “Клооптун” апелляциялык арызын кароодон баш тартты

17-майда Бишкек шаардык соту “Kloop Media” коомдук фондун жоюу тууралуу Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган чечимге каршы берилген апелляциялык арызды кароодон баш тартты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Kloop Media” порталынын адвокаты Нурбек Сыдыков билдирип, судья арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен деген жүйө келтиргенин билдирди. Анын сөзүнө караганда, апелляциялык арызды берүүдө Юстиция министрлигинин дарегиндеги бир сандан ката кетип калган.

“Арыз убагында берилген. Болгону Юстиция министрлигинин дареги Жаш гвардия бульвары 32 болсо, биздикилер 39 деп жазып алган. Бирок арыз Жаш гвардия бульварындагы эле дарекке берилген. Сот “силер туура эмес дарекке жибериптирсиңер” деп биринчи арызды артка кайтарган. Арыз кайра берилгени менен, убакыт өтүп кеткен деп койду”, – деди ал.Нурбек Сыдыков шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко арыз берилерин айтты. Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда “Kloop Media” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен Бишкек шаардык прокуратурасы сотко кайрылган.

“Kloop Media” порталын жабуу боюнча соттун чечимин эл аралык жана жергиликтүү бир катар уюмдар сынга алып, бийликти “Клооптун” сайтын ачууга чакырып келет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.