DOLON MEDIA

Актёр Жерар Депардье ыдык көрсөтүү иши боюнча кармалды

29-апрелде Парижде сексуалдаштырылган зомбулукка байланышкан эки айыптоо боюнча сурак берүү үчүн франциялык актёр Жерар Депардье кармалды. Актёрго каршы арыздардын бирин 2014-жылы анын ассистенти болуп иштеген аял (ал кезде 24 жашта болчу) жазган. Ал Депардьени тасма тартуу учурунда аны “кармалаган жана ылайыксыз сөздөрдү айткан” деп айыптаган. Экинчи арызды 53 жаштагы сүрөтчү-коюучу жазып, Депардье ага 2021-жылы тасма тартуу учурунда ыдык көрсөткөнүн билдирген. Анын айтымында, актёр аны жанындагылар кийгилишкенде гана кое берген. Анда тасма тартып жаткан топ Депардьеден кечирим суроону талап кылганда, ал: “Мен кечирим сурашым керек болгондуктан кечирим сурайм”, – деп айткан. Арыз ээси белгилегендей, Депардье тасма тартылып бүткөнгө чейин аны сойку деп атап жүргөн. Мындан тышкары актриса Шарлот Арну 2020-жылдан бери актёрду ыдык көрсөтүүгө жана зордуктоого айыптап келет. Анын айтымында, Депардье аны 2018-жылы 22 жашында эки жолу зордуктаган. Жалпысынан актёрго каршы сексуалдаштырылган зомбулук боюнча 15тен ашык айып тагылган. 2023-жылы декабрда Депардьенин ыдык көрсөтүүлөрү тууралуу документалдык тасма чыккан. Актёрдун адвокаттары акыркы айыптоолор боюнча AFP журналисттеринин суроолоруна жооп беришкен эмес. Депардье өзү айыптоолордун баарын четке кагып келет.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.