DOLON MEDIA

Коом

Дарыгерлерди даярдоого өнүктүрүү фонддон акча бөлүнөт

Нарын облусунун саламаттыкты сактоо тармагында дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн чечүү максатында  25 бүтүрүүчүнү И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан окутуу үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 1.5 миллион сом каражат бөлүү каралууда. Мындай демилгени облус жетекчиси көтөрүп, ар бир райондон бештен бүтүрүүчүнү акысыз окутуп берүү колго алынганын облустук жыйында билдирди. Бирок алардын келишин беш жыл күтүп отурбастан, …

Дарыгерлерди даярдоого өнүктүрүү фонддон акча бөлүнөт Толугу менен »

Компьютердик томограф аппараты пайланууга берилди

Нарын облустук бириктирилген ооруканасына салынып жаткан Компьютердик томография  имаратынын курулушу бүтүп, ичине  мультиспиралдык копьютердик томограф (КТ) аппараты орнотулуп тестик режимде пайдаланууга берилди.   Бүгүн, 2-февралда КТ имараты ачылып,  ага облус башчысы баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү  жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери катышып, теңироо элинин саламаттыгы үчүн кызмат кылган жай болушун айтып, жалпы журтка ден соолук тилек …

Компьютердик томограф аппараты пайланууга берилди Толугу менен »

Максатка жетелеген мамлекеттик колдоо

Алсак, МинКабдын “Социалдык контракт” программасына  мал бордоп сатуу боюнча долбоор сунуштап, 100 миң сомдук кайтарымсыз колдоого ээ болгон. “Кайтарымсыз берилген акчага  10 козу, эки кой алганбыз. Азыр аларды байлап, бордоп сатып атабыз. Бир козуну сатып, 12 кап  жем, кийинки түшкөн кирешеге чөп камдап алдык. Кой-козуну саткандан кийин кайра алдардын ордун тургузуп, ортодо калган акчага балдарга …

Максатка жетелеген мамлекеттик колдоо Толугу менен »

Жумгал: №26 кесиптик лицейге ашкана эмеректери алынды

Чаек айылында жайгашкан Арманбек Өмүралиев атындагы кесиптик лицейде кондитер-ашпозчу кесибин окугандар үчүн ашканага керектүү эмеректер алынды. Бул жерде учурда 25тен ашык студент билим алып жатат. Алар 10 ай окуп,  ашпозчу жана  кондитер кесибинин ээси болуп чыгышат.   Лицейге райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каражат берилип, жалпы наркы 1 млн. сомдук 15 даана ашкана эмеректери алынып берилди. …

Жумгал: №26 кесиптик лицейге ашкана эмеректери алынды Толугу менен »

Кочкор:Мамлекеттик кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Кочкор районунда 5 мамлекеттик кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Райондун прокуратурасы тарабынан 2022-жылдын 9 айында жалпы жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен 19 кызматтык жана коррупциялык кылмыш иши козголуп, 5 кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылган.  Мамлекетке 20 млн. 335 миң 732 сомдук зыян кайтарылды.   Кочкор районунун прокуратурасынын демилгеси менен Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата Кочкор …

Кочкор:Мамлекеттик кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылды Толугу менен »

МАМЛЕКЕТТИН КАМКОРДУГУ

(02.12.2022) Нарын шаары жана Нарын районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 5782 жаран каттоодо турат. Алар дайым мамлекеттин камкордугунда болуп, быйыл социалдык жөлөкпулдардын санын эки эсеге көбөйттү. “Быйыл майыптыгы бар жарандарга мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулду. Өлкө башчынын демилгеси менен майыптыгы бар жарандарга социалдык төлөмдөрдүн алды 100 пайызга чейин көбөйдү. Алсак, мурун бала чагынан майыптыгы барларга …

МАМЛЕКЕТТИН КАМКОРДУГУ Толугу менен »

Ат-Башы: “Биз биргебиз!”

3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүнө карата “Биз биргебиз!” ураанынын алдында жарыяланган  бир айлыктын алкагында К.Мамбеталиев атындагы орто мектепте райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын салтанаттуу иш чарасы өткөрүлдү. Бул иш чарага райондун жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров, айрым мекеме-ишканалык жетекчилери, ишкерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, калктын аялуу катмарындагы жарандарга моралдык жана материалдык …

Ат-Башы: “Биз биргебиз!” Толугу менен »

Ортопедиялык буюмдарды кайдан табуу керек?

КР нын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Карыпбекованын айтымында мекеменин республика боюнча 13 миң кардары бар. Анын айтымында алар пациенттерге бандаж, корсеть, балдак, таяк, колу-буттун протезин ортопедиялык бут кийимдерди, батектерди жеке ошол киши үчүн жасап бере алышат. Региондорго жылына бир барышып буюрутмаларды алган соң кышкы жана жайкы …

Ортопедиялык буюмдарды кайдан табуу керек? Толугу менен »

Ичкиликке берилгендер жашарууда

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын психо-наркология бөлүмүңдө учурда 24 бейтап дарыланууда. Анын 8и психикалык оорулар менен жабыркагандар болсо калганы ичкиликке көз каранды болгондор. Бөлүмдүн психиатр-нарколог дарыгери Базаркүл Кененбаеванын айтымында, психикалык оорулар жана аракечтик жыл сайын жашарууда. Ага жумушсуздук, ажырашуулар, турмуштун оордугу, тынчсыздануу себеп болууда. “Кийинки убакта ичкилик ичкен азайды деген менен аракечтиктин айынан ооруканага түшкөндөр көп …

Ичкиликке берилгендер жашарууда Толугу менен »

Ак-Талаа: Артрит-муундардын олуттуу сезгенүү оорусу

Дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрдө 12-октябрь Бүткүл дүйнөлүк артритке каршы күрөшүү күнү катары белгиленип келет. Бул күндүн негизги максаты-ревматологиялык оорулардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, артриттин бардык түрлөрү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана илдетти алдын алуу. Ошондой эле бул илдет менен жабыркагандардын медициналык жана социалдык реабилитациялоо болуп саналат. Артрит-муундун же бир нече муундардын олуттуу сезгенүү оорусу. Анын бир нече …

Ак-Талаа: Артрит-муундардын олуттуу сезгенүү оорусу Толугу менен »