DOLON MEDIA

Мурдагы вице-премьер Шадиевге таандык болгон “Баткен комфорт” базары сатыкка коюлат

Мамлекеттик мүлк агенттиги экс-депутат Аскарбек Шадиевге таандык делип, кийин мамлекетке өткөрүлгөн “Баткен комфорт” базарын сатуу үчүн электрондук аукцион жүргүзөт. Курулуш материалдары сатылган “Баткен комфорт” базары 2,9 гектар жерде жайгашкан. Обьектинин баштапкы баасы 422 млн 776 миң сом.

Аукцион 29-майда саат 10:00до auctionetp.gov.kg. порталында жүргүзүлөт. Ага катышуу үчүн аталган порталга катталып, электрондук арызды тиешелүү документтерди тиркеп, толтуруу зарыл. Ошондой эле мүлктүн баштапкы баасынын 10% өлчөмү кепилдик төлөм катары төлөнүшү керек.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.