DOLON MEDIA

Таласта “Бала-Саруу” чакан ГЭСи ишке киргизилди

21-май күнү президент Садыр Жапаровдун Талас облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө “Бала-Саруу” чакан ГЭСинин ачылышы болду. Жапаров анда “кокту-колотторунан суу шаркырап аккан өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздиги кечирилгис көрүнүш” деп белгиледи. Мамлекет себеп-жүйөлөрүн териштирип отурбай, мындан ары бул маанилүү тармакты өнүктүрүүнүн алгылыктуу жолдорун издеп, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга белсенгенин кошумчалады. “Биз “Бала-Саруу” ГЭСин долбоорлоо маселесин камтуу менен бирге 3 жылга жетпеген мезгил аралыгында куруп бүткөрүүгө жетиштик. “Бала-Саруу” ГЭСи – Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы чакан ГЭС куруу боюнча жүзөгө ашырылган алгачкы мамлекеттик долбоор. Бул долбоор мамлекет тарабынан электр кубатын өндүрүү тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет. Элибизге да, эл аралык коомчулукка да бийликтин ишенимин арттырат”, – деди президент. “Бала-Саруу” кичи ГЭСи Киров суу сактагычынын төмөнкү бьефинде курулган. Жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератордон турат. Электр энергиясынын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саатты түзөт. Бул 19 миң абоненттин электр энергиясына керектөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, “Бала-Саруу” ГЭСин курууга жалпысынан 2,8 млрд сом жумшалды, анын ичинде Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун салымы да бар.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.