DOLON MEDIA

13-майдагы мушташка шектүүлөр кармалды

Бишкектеги жатаканада чет элдик жарандарды карактоого шектүүлөр аныкталып, камакка алынды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, жатаканадагы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (“Каракчылык”) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада каракчылык кылган адамдар такталып, алар: 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т., 2005-жылы туулган Н.Б. аттуу жарандар экендиги аныкталган. Үчөө тең кылмыш жасады деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милициянын маалыматына ылайык, 13-майга караган түнү саат 2.00де Чыгыш-5 кичи районунда топ балдар чет элдик студенттерге кезигип, тамеки сурап, “эмне бул жерде тамеки чегип жатасыңар” деп тийишкен. Уруп баштаганда чет элдик студенттер качып, өзүлөрү жашаган жатаканага кирип кетүүгө үлгүрүшкөн. “Кууп келгендер алардын артынан жатаканага кирип, ал жакта жашаган чет элдик жарандарга күч колдонуп, акчаcын жана буюмдарын ачыктан-ачык тартып алышкан. Жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, каршылык көрсөтүүгө аракет кылып, ортодо мушташ чыккан. Мушташ жатакананын короосунда болуп, келгендер бирөөсүн таштап качып кетишкен”, – деп жазылган маалыматта. 13-майдагы мушташ тартылган тасма интернетке 17-майда тарагандан кийин 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык катталган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген. 18-майга караган түнү болгон тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда. Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул окуядан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык мекенине кетти.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.