DOLON MEDIA

Сот активист Жоробековдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүү чечимин чыгарды

Камактагы активист Афтандил Жоробековдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүү тууралуу мамлекеттик айыптоочу киргизген сунушту сот канааттандырды. Мындай чечимди 21-майда Бишкектин Ленин райондук соту кабыл алганын Жоробековдун жубайы жана адвокаты “Азаттыкка” билдиришти. Жактоочулар соттун бул чечимине апелляциялык арыз берүү жагын талкуулап жатышат. Мамлекеттик айыптоочу тарап Жоробековдун ишине байланыштуу айрым маалыматтарды кайра тергөөдө тактоо зарылдыгын жүйө келтирген. 40 жаштагы активист мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн 2023-жылы 9-декабрда камалган. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Жоробековдун жакындары анын чакырыктарында жапырт башаламандыкка үндөө жоктугу экспертизада далилденгенин белгилеп жатышат. Кармалгандан кийин анын автоунаасында жана батиринде тинтүү болуп, ноутбук, чөнтөк телефону алынган. Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү алынган ноутбук, телефон боюнча техникалык экспертиза дайындап, анын жыйынтыгы “массалык башаламандыктарга чакырык жок” деп чыккан. Свердлов райондук соту ишти кароодон баш тартып, токтом менен Ленин райондук сотуна кайра жөнөткөн. Былтыр бийлик Кыргызстандын мамлекеттик туусундагы элементтерди өзгөртүү демилгелеп, коомчулуктагы нааразылыкка карабай, 2023-жылдын этегинде парламент аны колдогон. Мыйзамга президент кол койгон.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.