DOLON MEDIA

Коом

Жумгал: Кризистик борбор ачылды

Жумгалдын Байзак айылында кризистик борбор ачылды. Мындай маалымат менен аталган айылдык кеңештин төрайымы Мээрим Молдалиева бөлүштү. Учурда бул борбордо элеттик аялдарга бекер юридикалык кеңештер берилүүдө. «Зомбулукка кабылган аялдардын убактылуу баш калкалоочу жайы жок болуп, зарылып калган учурларыбыз болгон. Борборду ачууга «Нуржолбер» деп аталган бейөкмөт уюму көмөктөштү», – деди Молдалиева. Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга …

Жумгал: Кризистик борбор ачылды Толугу менен »

Ак-Талаа: Кош-Дөбө айылындагы авариялык оорукананын имараты жаңыланат

Облус борборунан 200 чакырым алыс Кош-Дөбө айылына жаңы оорукана салынат. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, курулуш республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесине кирген. Куруу иштери быйыл башталат. 5000ге чукул калкы бар Кош-Дөбө айылындагы оорукананын эски имараты өткөн кылымдын 50-жылдарында ашар жолу менен салынган. Алгач колхоздун канторасы болгон имарат кийин ооруканага айланган. Андан бери …

Ак-Талаа: Кош-Дөбө айылындагы авариялык оорукананын имараты жаңыланат Толугу менен »

Жумгал: Миңкуштуктар уран калдыктарын көчүрүүгө каршы

Миң-Куштун Туюк-Суу аймагындагы уран калдыктарын көчүрүү иштери быйыл башталганы турат. Кыштактын тургуну Ратбек Кожомуратовдун айтымында, уулуу зат жүктөлгөн машинелер айылды аралап өтөт. Буга айыл эли каршы болууда. «Жолго уран калдыгы түшпөйт деп ким кепилдик берет. Анткени ушул жол аркылуу балдарыбыз сабакка барат. Алардын саламаттыгына түздөн-түз таасирин тийгизет да», – дейт Кожомуратов. Миң-Куш айылында 4 миңге …

Жумгал: Миңкуштуктар уран калдыктарын көчүрүүгө каршы Толугу менен »

Ак-Талаа: Облус башы кошдөбөлүктөрдүн көйгөйүн укту

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов бүгүн, 23-мартта алыскы аймактардагы элдин жашоосунан кабар алуу үчүн Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылына барды. Өкүлдүн басма сөз  кызматы тараткан маалыматка таянсак, жолугушууда айыл тургундары  бир катар көйгөйлүү маселелерди облус башчысына билдиришкен. Маалымат үчүн белгилесек, 21-март күнү  Нооруз салтанатына  чогулган эл алдында облус жетекчиси быйыл облуста ишке аша турган долбоорлорго токтолуп, …

Ак-Талаа: Облус башы кошдөбөлүктөрдүн көйгөйүн укту Толугу менен »

Билими күчтүү миңди жыгат…

Републикалык олимпиада 22-мартта Бишкекте башталды. Ага Нарын облусунан 34 окуучу катышууда. Алар буга чейин предметтик олимпиаданын облустук турунан 1-2-орунду алгандар. Эске сала кетсек, республикалык олимпиада 22-25-мартка чейин өтөт. 22-23- март күндөрү  окуучулар билимден күч сынашса, 24-март күнү атайын окуучулар үчүн көңүл ачуучу программа белгиленген. Ал эми 25- мартта окуучулар өз жерлерине кайтышат.

Басып алган жерлерди кайтарып алуу иштери башталды

Нарын шаарындагы мыйзамсыз басып алган жерлерди мамлекетке кайтаруу боюнча иштер баштады. Учурда 34 адамга мыйзамсыз тосулган жерлерди, курулган дубал, тосмо, короолорду жылдыруу боюнча сунуштама берилди. Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бакыт Усубалиевдин Долон медиага билдирүүсү боюнча биринчи кезекте сунуштамалар чоң жер аянтын ээлеп алгандарга берилүүдө. “Мамлекеттик “Кадастр” …

Басып алган жерлерди кайтарып алуу иштери башталды Толугу менен »

Сүрөт баян: Муз аянтында жаштар акысыз муз тебишти

Нарын шаарындагы Ташболот Токтосунов атындагы заманбап муз  аянты Нооруз майрамына карата эки күн бою акысыз кызмат көрсөттү. Эл аралык талапка жооп берген хоккей аянтын курууга Нарын шаардык мэриясы 62 сотых жер аянтын бөлүп берген.  Курулуш иштери 2015-жылдын күз айында башталган. Имарат жеңил конструкция менен салынган жана музду жылмакайлап туруучу атайын техника сатылып алынган.

Сүрөт баян: Нарын шаарында Нооруз майрамы белгиленди

21-мартта Нарын шаарынын аянтта Нооруз майрамы белгиленди. Аянтка миңге чукул адам чогулуп, театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программага күбө болушту. Майрамдын иш-чарага Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов жана шаар мэри Канболот Тутуев катышты. Концерттик программада балдар бий топтору, музыкалык ансамблдер жана ыр-бийлер тартууланды.

Министр Кудайберген Базарбаев Нарын облусун өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берди

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын облусун өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ал 21-мартта президент Садыр Жапаровдун атынан Нарын шаарында Нооруз майрамы менен куттуктоо сөзүндө айтты. «Президенттин 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасы боюнча жарлыгы чыкты.Учурда бул маселеге министрлер кабинети олуттуу көңүл буруп, бардык аракеттер көрүлүүдө. Улуттук программанын алкагында Нарын облусунда …

Министр Кудайберген Базарбаев Нарын облусун өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берди Толугу менен »

Борбордук аянтта сүмөлөк кайнатылып жатат

Бүгүн, 20-мартта Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтына үч боз үй тигилип, сүмөлөк кайнатылып жатат. Сүмөлөк  кайнатуу жөрөлгөсүнө облустук, райондук, шаардык бийлик өкүлдөрү баштаган бир катар мекеме-ишкана жетекчилери катышты. Сүмөлөк кайнатууну Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөтү колго алган. Аянтка от жагылып казан асылып, алгач  өлкөбүзгө өнүгүү, өсүү, кырман толо дан, өрүш толо мал болуусу тилек …

Борбордук аянтта сүмөлөк кайнатылып жатат Толугу менен »