Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана ишке кирди. Анда полиэтилен баштыгы жана желим бөтөлкөлөр эритилип, кум аралашмасы менен брусчатка чыгарылат.
Бүгүн, 30-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ишкананы ачуу салтанатына онлайн катышып, кызыл тасмасы кесилди. Долбоордун жалпы наркы 5 миллион 600 миң сом. Бул каражаттын 1,5 миллион сому айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен, АРИСтин “АИД-3 кошумча каржылоо” долбоору тарабынан 4 миллион 100 миң сом сарпталып, жабдыктар алынган.
Ишканада бир айда болжол менен беш миңге чейин брусчатка чыгаруу мерчемделип жатат.