Жаңы жылдын түнү Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүндө төрт наристе жарык дүйнөгө келди.
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн акушери Нарынкүл Дарбышкееванын айтуусунда, ден соолук сакчылары алардын бирин операция жолу менен төрөтүшкөн.
“31-декабрдан 1-январга караган түнү төрт төрөттү кабыл алдык. Үчөөнү энелер өздөрү төрөдү, бирөөнү операция жолу менен төрөтүп алдык.
Төрөлгөн наристелердин үчөө уул, бирөө кыз болду. Азыркы тапта балдар менен энелердин абалы жакшы”,- деди ал.
Учурда аталган бөлүмдө 16 эне дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.