DOLON MEDIA

Жолдордо унаа кыймылына чектөө жок

Бүгүн, 2-январга карата Нарын облусунун Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы бардык ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Бул тууралуу  маалымат Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Нурбек Кубанычбек уулунан алынды.

Маалыматка таянсак, облус аймагында 1 см кыламык кар жаады. Долон, Кызыл-Бел, Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларында жана унаа жолдордо каттам бар. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.