DOLON MEDIA

Унаа жолдор көзөмөлдө

Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнөн билдиришкендей, облус аймагындагы унаа жолдор жолчулардын көзөмөлүндө.

Маалыматка караганда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун ашуу белдеринде, Долондо 3-4см,  Оттук капчыгайында 10 см  кар түштү. Таң эрте автогрейдер менен  карды кырып тазалоо жүрүп жатат.

Бөлүмдүн башкы адиси Нурбек Кубанычбек уулу Кызыл-Бел, Ак-Бейит,Түз-Бел,Торугарт  ашуулардында 3-4 см  кар жааганын жана тайгак участкаларына кум шагыл аралашмасы чачылып, жол тейлөө ишканаларында кезмет уюштурулганын билдирди.

Ошондой эле,  ал Долон, Кызыл-Бел ашуулардында оор жүк ташуучу унаалар дөңгөлөгүнө чынжырча жок чыгып тайгаланып, унаа тыгындарын жатартып жатканын кошумчалады.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.