DOLON MEDIA

Коом

Кызматташтык: Ханнс Зайдель фонду менен мемарандумга кол коюлду

Дубан башчы Алтынбек Эргешов Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун жетекчиси, доктор Макс Георг Майер мырзаны кабыл алды. Өкүлдүн маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда билим берүү тармагында тыгыз кызматташуу, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, Германия өлкөсүнүн мамлекеттик, муниципалдык системасы боюнча тажрыйба алмашуу иш чараларын уюштуруу багытында сүйлөшүүлөр жүрдү. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу …

Кызматташтык: Ханнс Зайдель фонду менен мемарандумга кол коюлду Толугу менен »

63 айыл өкмөтү биригип, 27 айыл аймагы түзүлөт

Өлкө башчынын  “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгынын  алкаганда, Нарын облусундагы 63 айыл аймагынын саны кыскарып 27 айыл аймагы түзүлөт. Нарын облусунда пиолттук негизде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда, айыл аймактарына колдоо көрсөтүү максатында Министрлер Кабинетине  караштуу  Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттиги тарабынан …

63 айыл өкмөтү биригип, 27 айыл аймагы түзүлөт Толугу менен »

Электриктерге жаны техникалар тапшырылды

«Кыргызстандын Улуттук электр түйүндөрү» ААКнун филиалдарына жаны атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алынган SHANMON экскаваторлорунун жана атайын автоунаалардын жалпы суммасы 32 млн сомдун тегерегинде. Атайын автоунаалар Жалал-Абад, Ош, Нарын электр тармактар ишканаларына бөлүнүп берилди.

Ак-Талаа: Жогорку баллга 100 миң сом

Баетов айыл өкмөтү 2022-2023 –окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган окуучунун мектебин сыйлайт. Ал үчүн Баетов айылынын жергиликтүү бюджетинен 100 мин сом бөлүнөт. Аталган айыл өкмөтү бекиткен жободо сынактын максаты, 11-класстар арасында мыкты окуучуну жана  мыкты мектепти аныктоо болуп саналат. Эске сала кетсек, Нарын шаарынын мэри да жакшы балл алган окуучунун мугалимине автоунаа …

Ак-Талаа: Жогорку баллга 100 миң сом Толугу менен »

Шашылыш билдирүү, айдоочулар абайланыздар!

Кыргызгидромет кызматы тараткан маалыматка ылайык 19-20 апрелдерде күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу ашууларда кар көчкүсү түшүшү ыктымал. Маалыматта айтылгандай, бул күндөрү тоолуу райондордун ашууларында кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Ал эми ӨКМ зарылдык болбосо жолго чыкпай турууну, жолго чыкса чынжырча, дары дармек топтомун, ысык суу ала жүрүүнү сунуштайт.

Бишкектик догдурлар Нарында

Үстүбүздөгү жылдын 18-22-апрель аралыгында Бишкектен келген дарыгерлер Нарын шаарынын жана Нарын районунун жашоочуларын акысыз көрүшөт. Бул маалымат Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан алынды. Догдурлар Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун кабыл алуу бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт (мурдагы райондук оорукана). Курамында онко-гинеколог, онко-маммолог, эндокринолог,гастроэнтеролог жана онколог бар, алардын кабыл алуусуна кирүү үчүн алгач кабылдамадан тиешелүү дарыгерге талон жаздырып алып, кезегиниз …

Бишкектик догдурлар Нарында Толугу менен »

Орозо Айт майрамы 21-апрелде белгиленет

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей Орозо Айт 21-апрелде белгиленет. Орозо айыныны башталышы жана аякташы айдын жаңыруусуна карап аныкталат. Ошондуктан Рамазан айы айрым учурда 29 күн, айрым учурда 30 күн болот. Орозо Айт майрамы Ыйыйк Рамазан айыныны аякталышы болуп

Сүрөт баян: Нарын шаарында 2700 түп көчөт тигилди

Бүгүн, 15-апрелде Нарын шаарында массалык көчөт отургузуу иш-чарасы уюштурлуп, анын алкагында 2700 түп көчөт тигилди. Башкача айтканда, шаардын  Москва чөлкөмүндөгү М.Жусаев атындагы паркка, МДС чөлкөмүндөгү эски күмбөздүн ордуна демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген көк карагайдын, ак кайыңдын жана теректин көчөттөрү отургузулду. Ага калаадагы облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардан кызматкерлер тартылды. “Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу” программасынын алкагында  …

Сүрөт баян: Нарын шаарында 2700 түп көчөт тигилди Толугу менен »

Нарын шаарында аралыка чуркоо боюнча чемпионат өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Нарын шаарында үч чакырым аралыка чуркоо боюнча Нарын облусунун 1-ачык чемпионаты өтөт. Мелдеш төмөнкү жаш курак категориялар боюнча өтөт: – 14-17 жаштагылар (кыздар/балдар); – 18-25 жаштагылар (эркектер/айымдар); – 26-35 жаштагылар (эркектер/айымдар); – 36-45 жаштагылар (эркектер/айымдар); – 46-55 жаштагылар (эркектер/айымдар); – 56 жаштан жогоркулар (эркектер/айымдар); – майыптыгы бар адамдар арасында (эркектер/айымдар). Жеңүүчүлөр  Нарын …

Нарын шаарында аралыка чуркоо боюнча чемпионат өтөт Толугу менен »

Асылбеков: Каражатыбыз жана техниларыбыз жок

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы “Турук” көмүр кенинен көмүр казууга жаңы түзүлгөн “Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасы көмүр казууга даярдыгы канчалык деңгээлде, учурда эмне иштер аткарылып жатат жана башка суроолор менен  “Ак-Талаа көмүр” ишканасынын жетекчиси Жаныбек Асылбеков менен маектештик. Алгач, “Турук” көмүр кенинен көмүр казууга мамлекеттик ишкана түзүлгөндүгү кабарланган. Жаңы түзүлгөн ишкана тууралуу айтсаңыз? Асылбеков: Калкты өз …

Асылбеков: Каражатыбыз жана техниларыбыз жок Толугу менен »