DOLON MEDIA

Башкы тема

“Чет элдик өкүл” деп табылган уюмдарды каттоонун жобосу бекитилди

Юстиция министрлиги чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин түзүү жана алардын ишин текшерүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилгенин билдирди. Ага ылайык, 16 майдан тартып бейөкмөт уюмдар эки айдын ичинде Юстиция министрлигине коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз, документтерди бериши керек. 14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “Чет элдик өкүл” деп таанылган …

“Чет элдик өкүл” деп табылган уюмдарды каттоонун жобосу бекитилди Толугу менен »

13-майдагы мушташка шектүүлөр кармалды

Бишкектеги жатаканада чет элдик жарандарды карактоого шектүүлөр аныкталып, камакка алынды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, жатаканадагы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (“Каракчылык”) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада каракчылык кылган адамдар такталып, алар: 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т., 2005-жылы туулган Н.Б. аттуу жарандар экендиги аныкталган. Үчөө тең кылмыш жасады деген …

13-майдагы мушташка шектүүлөр кармалды Толугу менен »

Бишкекте Ататүрк паркындагы үйлөрдү бузууга каршылар чогулду

Ататүрк паркындагы муниципалдык жерге мыйзамсыз курулган чарбалык курулуштар жакынкы күндөрү бузулат. Аталган иш парктын аймагына салынган курулуштарды бузуу иштеринин биринчи баскычы болмокчу. Бул тууралуу Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев Ататүрк паркынын мурдагы аймагына салынган үйлөрдү бузуу чечимине каршы чогулган эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын сөзүнө караганда, экинчи баскычка ылайык, парктагы турак жайлар курулган жерлерди …

Бишкекте Ататүрк паркындагы үйлөрдү бузууга каршылар чогулду Толугу менен »

Президент чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айтты

Президент Садыр Жапаров 18-майга караган түнү Бишкекте болгон чуулгандуу окуяга байланыштуу алгачкы кайрылуусунда “эгерде мындан ары ушундай окуя кайталанса, укук коргоо органдары дароо күч менен тарката турганын” айтып, чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын убада кылды. “Албетте, башталышында студенттер жашаган жерлерге барып кол салып жиберген тентектер болду. Аларды өз убагында токтотуп калганга жетиштик. Эми алардын …

Президент чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айтты Толугу менен »

Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланып, президенттин кызматын аткаруучу дайындалды

Иранда президенттин жана бир катар жетекчилердин өмүрүн алган окуядан кийин аза күтүү күндөрү жарыяланып, мамлекет башчынын милдетин аткаруучу дайындалды. Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи бүгүн 20-майда беш күндүк аза күтүү жарыялап, маркумдардын жакындарына көңүл айтты. Анын билдирүүсүн мамлекеттик телеканалдын алып баруучусу окуп берди. Хаменеи ошондой эле биринчи вице-президент Мохаммад Мохберди президенттин кызматын аткаруучу кылып …

Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланып, президенттин кызматын аткаруучу дайындалды Толугу менен »

Бишкектеги окуядан 30дай адам жабыркаганы кабарланды

Саламаттык сактоо министрлиги 18-майга караган түнү Бишкекте катталган окуяларда жабыр тарткандар тууралуу “Азаттыкка” маалымат берди. Маалыматка ылайык, 17-майдын кечинде борбордогу жаңжалда 28 адам жараат алды. Жабыр тарткандардын теңинен көбүнүн аты-жөнү жазылган, калганы ысымдары көрсөтүлгөн эмес. Аты-жөнү жазылгандардын бир тобу чет элдиктер экени, бир бөлүгү жергиликтүү жарандар экени көрүнүп турат. Колго тийген маалыматтарга ылайык, жараат алгандардын …

Бишкектеги окуядан 30дай адам жабыркаганы кабарланды Толугу менен »

“РСК Банк” “Элдик банк” деп өзгөртүлүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга көмөктөшөт

“РСК Банк” (“Расчетно-сберегательная компания” – “Эсептешүү-сактык компаниясы”) ачык акционердик коому “Элдик банк” деп өзгөртүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында жазды. Мамлекет башчы үй-жайы жок жарандарды турак жай менен камсыздоо иш аракеттеринин алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) менен “РСК Банктын” банкын бирге иштетүү чечими кабыл алынганын, аны менен чогуу банк башкача аталышта иштөөгө өтөрүн …

“РСК Банк” “Элдик банк” деп өзгөртүлүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга көмөктөшөт Толугу менен »

Чет өлкөдөгү тергөө абактарында 788 кыргыз жараны сот чечимин күтүүдө

Чет мамлекеттердеги тергөө абактарында Кыргызстандын 788 жараны сот чечимин күтүп отурат. Алардын 742си Орусияда. Бул тууралуу 16-майда Жогорку Кеңеште юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди. “Башка статистикаларга токтоло турган болсом, Түркияда 13, Тажикстанда 9, Казакстанда 5, Италияда 5, Венгрияда 4, Германияда 4, Египетте 2, Сауд Арабияда 2, Түштүк Кореяда бир, Чехияда бир, Францияда бир, …

Чет өлкөдөгү тергөө абактарында 788 кыргыз жараны сот чечимин күтүүдө Толугу менен »

УКМК кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын маалымдады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 2024-жылы 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя болгонун маалымдады. Маалыматка караганда болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети өлкө аймагында мал кайтарып жүргөн тажик жарандарын байкаган. Алар чек ара сызыгынан …

УКМК кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын маалымдады Толугу менен »

Биосфералык аймактарда геологиялык чалгындоого жана кен иштетүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө”, “Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 17-апрелде кабыл алган. Ага ылайык, “Жер казынасы жөнүндө” жана “Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын азыркы редакциясынын 24-беренесинин (“Аукционду өткөрүү тартиби”) …

Биосфералык аймактарда геологиялык чалгындоого жана кен иштетүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынды Толугу менен »