Соң-Көлгө 5 миллион 2 миң сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди. Чабактар “Кыргыз балыгы” мамлекеттик ишканасынын филиалы болгон “Соң-Көл” балык чарбасынын инкубациялык цехинде өстүрүлгөн.
Буга чейин икралар Ысык-Көл облусунда өстүрүлүп келсе, аталган балык чарбага инкубациялык цех курулуп, жабдуулар мамлекеттик жана жеке менчик өндүрүштүк долбоорлор аркылуу алынган.
Бул жерде жылына 20 миллион балык уругун багып-өстүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Эми Соң-Көл, Көл-Үкөк, Ак-Көл сыяктуу Нарын облусунун аймагындагы көлмөлөрдүн баарын сига, пелядь балыктары менен байытуу пландалып жатат.
Соң-Көлдө жаныбарлардын 20дан ашык, канаттуулардын 140тай жана балыктын 7 түрү бар. Бул аймакты байырлаган жан-жаныбарларды, канаттууларды сактоо, коргоо жана көбөйтүү Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун милдети.
Соң-Көлгө ар тараптан 20дан ашык агын суулар куюлуп, андан жалгыз Кажырты дарыясы агып чыгат.