DOLON MEDIA

Г. Кенжекараева: “Турист тоскон ишкерлер экология жаатындагы маалыматка, окутууга муктаж”

Каарманым Гулира Кенжекараева акыркы 10 жылдан ашык Нарын жергесинде турист тосуп иштейт. Алгачкылардан болуп Көл-Суу каттамын да ачкан. Учурда Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан аталган жерден туристтер жайы-кышы үзүлбөйт. Гулира Кенжекарева Коомчулукка негизделген туризм асоссациясынын директору, Нарын облустук Теңир Тоо дестинациясынын аткаруучу директору анын айтымында турист тоскондор үчүн экологиялык, эко система, жаратылышты коргоо боюнча маалыматтар жетишсиз.

“Чынын айтсак алгач акча табуунун бир жолу болчу да, азыр бир топ эле иштер жасалып калды. Мамлекет дагы туризмге кызыгып калды” , – деген Г. Кенжекараеванын айтуусу боюнча алардын облусттук деңгээлде сейрек кездешүүчү жан-жаныбарлар, өсүмдүктөр боюнча маалыматтары жокко эсе. Кызыл китеп бар деп угуп, бирок көргөн эмес. Ошол эле учурда туристтер мисалы Кыргызстанга жаратылышы үчүн көбүрөөк келишет экен. Алар сүрөттөрдү көрүшүп, бири- биринен угуп келишет. Аларга асман тиреген шаар же, беш жылдыздуу мейманакана кызыктуу эмес, аларга адам колу тийбеген жаратылышыбыз кызыктырат.

“Келген туристтердин 80% жаратылышка кызыгат деп айта алам”, – деген Г. Кенжекараева 30 га чукул турфирмалардын башын бириктирип эки жыл мурун түзүлгөн “Теңир Тоо” дистанациясы 300 дөн ашык боз үй лагерлери менен да кызматташышат. Экологиялык жааттан караганда бул турист тосуп иштегендер Кызыл китеп, сейрек жаныбарлар, өсүмдүктөр боюнча маалыматы өтө эле аз. Мурда пластик бөтөлкөлөрдү деле чогултуп өрттөп жиберишчү азыркы учурда чогултуп өткөргөнгө аракет кылып калышканын билдирди. Г. Кенжекараева.

Айрым долбоорлордун аркасында “күн энергиясын колдонгула”, “жаратылышты сактагыла” деген темаларда бир аздан тренинг өткөрүлөн менен турист тосчу аймактарынын ахыбал жакшы эмес.

“Жаратылышка, туристтерди тосчу аймактарыбызга ушундай мамиле кылсак жакында Соң-Көлдүн айланасына мораторий киргизүү боюнча сунуш берип калышыбыз ыктымал. Анткени турист тоскондордон башка ал жерде облуска караштуу 3 райондун малы жайлайт. Малдардын туяктары да өтө коркунучтуу да. Азыр эле чөптөрдүн чыкпай калгандары байкалат, машинанын чаңдаган жолдору көбөйдү. Экологиялык адис болбогон соң же көзөмөлдөөчү мамлекеттик уюм болбогондон кийин Соң-Көлдүн экологиялык абалын так айта албайм, бирок байкоолорум ушундай. Кызыл Китепке кирге эдельвейс же леонтоподиумгүлү да азаюда. Биздин туризм тармагы өнүгүп туристтер көп келип жатканы менен экологиябузулуп жатат. 2023-жылы аркар же эликпи мен деле айрып тааный албайм Көл-Сууда сүзүп жүргөнүн сонун кылып видеого тартып, интернетке жайгаштырышкан соң, мүйүзүнөн кармап чыгарып  союп жеп салышкан экен. Байкашымча көбүбүз турист тосуп эле кетирсек деп, турист кызыккан жаратылышыбызга аяр мамиле кыла элекпиз. Турист тосчу ар бир жердин айлана чөйрөсү, Кызыл китепке кирген коргоодогу жан-жаныбар, өсүмдүктөр дегеле баары боюнча маалыматтар илинип турса, же санарип Кызыл китеп болсо”,-дейт Г. Кендекараева.

Эске салсак, КР нын Президентинин Нарын облус боюнча өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча Нарын облусуна өткөн жылы жалпы 141 миң 378 турист келип, алардан 127 миллион 424 миң 300 сом түшкөн. Бул көрсөткүч 2023-жылга караганда  72 миллион 512 миң 200 сомго көп. Келген туристтердин 28 миң 310у Улуу Британия, Австралия, Германия, Бельгия, Испания, Араб Эмираты, Корея, Россия, Америка Кошмо Штаты, Франция сыяктуу 65 өлкөдөн келишкен. Ал эми  113 миң 68 турист ички саякатчылар.

Ал эми ачык булактардан издеп көрсөк map.kg сайтынан башка https://zoinet.org/wp-content/uploads/2022/05/KRG-redlist-youth-KG.pdf дарегинде да 10 беттен турган, бир аз маалымат бар.

Туризм тармагындагы экологиялык көйгөйлөр боюнча да бир топ суроолор менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганбыз жакынкы күндөрү жооп алсак, аны да сиздер менен бөлүшөбүз.

Жаркын Ибраева

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.