DOLON MEDIA

Ат-Башы: Шамалдан 28 турак жайдын чатыры кыйрады

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” көзөмөл өткөрүү жайында жана Ат-Башы районунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 27-мартында катталган катуу шамалдан 28 турак жай жана чарбалык курулуштардын чатыры талкаланды. Андан жалпы  886 миң 940 сомдук материалдык зыян  келди. Алсак, турак жай жана чарбалык курулуштардын чыгымы 405 миң 744 сом болсо, “Торугарт”  чек ара көзөмөл-өткөрмө пункту 481 миң 200 сомдук  зыян тартты.

Ат-Башы райондук Жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башчысы Дамир Момбеков шамалдан Ат-Башы жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнөн  14 турак жай жана 14 чарбалык курулштар жабыркаганын билдирип, алардын ичинен тогузу гана камсыздандырылганын кошумчалады.

Шамалдын күчү район аймагында 24-27, Торугартта 25-28 метр секундага жетип, оор жүк ташууну 5 унаа оодарылып, турак жайлардын чатырын кыйраткан. Мындан улам райондо бир күнгө “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.