DOLON MEDIA

Жумгал: Миңкуштуктар уран калдыктарын көчүрүүгө каршы


Миң-Куштун Туюк-Суу аймагындагы уран калдыктарын көчүрүү иштери быйыл башталганы турат. Кыштактын тургуну Ратбек Кожомуратовдун айтымында, уулуу зат жүктөлгөн машинелер айылды аралап өтөт. Буга айыл эли каршы болууда.

«Жолго уран калдыгы түшпөйт деп ким кепилдик берет. Анткени ушул жол аркылуу балдарыбыз сабакка барат. Алардын саламаттыгына түздөн-түз таасирин тийгизет да», – дейт Кожомуратов.

Миң-Куш айылында 4 миңге жакын киши жашайт. Ал жерде уран калдыгы сакталган төрт аймак бар. 2004-жылы жер титирөөдөн кийин тоо этегиндеги жарака беш метрге жетип, коркунуч туудурган. 450 миң тонна уран калдыгын көчүрүүгө кеткен чыгымды Борбор Азиядагы төрт мамлекет көтөрөт. Анын 75% Орусия мойнуна алган. Калганын Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан чыгармай болгон.

Ушул күндөрү Миң-Куштун жакасындагы Талды-Булак аймагында уран калдыктары көчүрүлүп жатат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.