DOLON MEDIA

Ак-Талаа: Облус башы кошдөбөлүктөрдүн көйгөйүн укту


Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов бүгүн, 23-мартта алыскы аймактардагы элдин жашоосунан кабар алуу үчүн Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылына барды. Өкүлдүн басма сөз  кызматы тараткан маалыматка таянсак, жолугушууда айыл тургундары  бир катар көйгөйлүү маселелерди облус башчысына билдиришкен.

Маалымат үчүн белгилесек, 21-март күнү  Нооруз салтанатына  чогулган эл алдында облус жетекчиси быйыл облуста ишке аша турган долбоорлорго токтолуп, Баетов-Кош-Дөбө 6 чакырымына асфальт төшөлөөрүн билдирген.

“Мамлекет башчынын Нарын облусуна болгон 11-марттагы иш сапарында облусту өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен таанышып, ал долбоорлор өлкө башчынын колдоосуна татып, бир катар тапшырмаларды берип,  аткаруу мөөнөттөрүнө чейин белгиленген. Ага удаа эле Транспорт жана коммуникациялар  министрлигинен адистер келип,  Нарын шаарынын борбордук жана ички жолдорун көрүп кетишкен. Быйылкы жылы калаанын ички көчөлөрүнө толугу менен асфальт төшөлүп, оңдолот. Ал эми Нарын-Баетов унаа жолунун 36 чакырымы, Баетов-Кош-Дөбө жолунун  6 чакырымы быйыл асфальтталат. Мындан тышкары Нарын облусунан 37 чакырым  жол ремонттолот”,-деген ал.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.