DOLON MEDIA

Ак-Талаа: Кош-Дөбө айылындагы авариялык оорукананын имараты жаңыланат


Облус борборунан 200 чакырым алыс Кош-Дөбө айылына жаңы оорукана салынат. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, курулуш республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесине кирген. Куруу иштери быйыл башталат.

5000ге чукул калкы бар Кош-Дөбө айылындагы оорукананын эски имараты өткөн кылымдын 50-жылдарында ашар жолу менен салынган. Алгач колхоздун канторасы болгон имарат кийин ооруканага айланган. Андан бери жыл сайын акталып, сырдалганы болбосо капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн эмес.

Ооруканада эки дарыгер, 10 мед айым иштейт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.