DOLON MEDIA

Жумгал: Кризистик борбор ачылды


Жумгалдын Байзак айылында кризистик борбор ачылды. Мындай маалымат менен аталган айылдык кеңештин төрайымы Мээрим Молдалиева бөлүштү. Учурда бул борбордо элеттик аялдарга бекер юридикалык кеңештер берилүүдө.

«Зомбулукка кабылган аялдардын убактылуу баш калкалоочу жайы жок болуп, зарылып калган учурларыбыз болгон. Борборду ачууга «Нуржолбер» деп аталган бейөкмөт уюму көмөктөштү», – деди Молдалиева.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар катталганы көп айтылууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталып келет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.