DOLON MEDIA

44 көчө ички инвесторлордун эсебинен жасалат

Нарын шаары боюнча  110 чакырым жол болсо, анын ичинен 52 чакырымы асфальтталган, 60 чакырымы шагыл жол. Жаңы долбоор алкагында бул жолдун 29 чакырым 300 метри, ички инвесторлордун эсебинен жасалат. Учурда жумуштар башталып сметасы түзүлүп,  топографиялык изилдөөсү (топосеьемка) жүрүп жатат.

“Нарын шаары боюнча жалпы 44 көчө оңдолот. Анын ичинен 42 көчө туура көчөлөр болсо, экөө Ленин жолу менен Сагынбай Орозбаков атындагы чоң жолдор. Ленин көчөсү толук капиталдык ремонко кирип жатат. Алсак, Интернаттан баштап РСТ чөлкөмүнүндөгү көпүрөгө чейин. (Хан Тенгри мейманканасынан өткөндөгү көпүрө) Жолдун узундугу 9,5 чакырым. Туурасы  15 метрге узартылат. Андыктан  жол жээгиндеги бир топ нерселерди жылдырыууга туура келет. Андан сырткары тротуар, ирригация, түнкү жарыктандыруу  долбоорго кирип жатат. Бул толугу менен ички донорлордун эсебинен жасалат. Сагынбай Орозбаков  көчөсү толук асфальтталып Жаңы-Жолго кошулат. Ал эми Совет көчөсүнүн алдындагы суу системасы  толук оңдолуп бүтмөйүнчө жасалбайт”,-деди Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы Акыл  Кадыркулов.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.