DOLON MEDIA

Ленин атындагы борбордук жолдун туурасы 15 метрге кеңейтилет


Нарын шаарынын  Ленин атындагы борбордук жолун талапка ылайык келтирүү менен туурасын 15 метрге кеңейтүү, С. Орозбаков көчөсүн Жаңы-Жол аймагына чейин улоо жана ички көчөлөрдү асфальттоо боюнча долбоорлоо жумуштары башталды.

Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы тараткан маалыматка таянсак, буга чейин топографиялык изилдөөсү (топосеьемка) алынып, болжолдуу даярдалган долбоорду толуктоо менен иш алып барылат. Долбоордо жалпысынан 29 чакырым 300 метр жолду асфальттоо пландалууда. Ленин көчөсүнөн 9,5  чакырымга, Сагынбай Орозбаков көчөсүнөн 1280 метрге, 42  ички жолго асфальт төшөө жана борбордук көчөнү  талапка  ылайык жасоо каралган.

Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо -изилдөө институту  мамлекеттик ишканасынын адистери  Нарын шаарында болуп шаар ичин кыдырып, долбоордун алкагында жасалуучу жумуштарды жеринде көрүп,  долбоор даярдоо иштерин пландашты.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.