DOLON MEDIA

Дүйнөнүн 65 өлкөсүн суктандырган Теңир-Тоо

Туризм – жер шарынын көптөгөн өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн маанилүү тармактардын бири. Туризм индустриясын калыптандырууга жана өнүктүрүүгө жыл сайын жаңылык кошуп, саякатчыларды тартып аны менен Кыргызстандын кооз жерлерин, кыргыз маданиятын, каада-салтын чет элдиктерге даңазалоо максатында акыркы жылдары арбын каражаттар бөлүнүүдө. Билинбегени менен бир жыл ичинде Нарын облусуна туристтердин дүйнөнүн 65 өлкөсүнөн келиши Нарындын туризм …

Дүйнөнүн 65 өлкөсүн суктандырган Теңир-Тоо Толугу менен »

Кызыл китепке кирген “Кызыл китеп”

Кымбаттуу окурман, Кызыл китепти көрдүңүз беле? Жок кыймылсыз мүлккө эмес, сейрек кездешүүчү жан-жаныбар, өсүмдүктөр жазылган Кызыл китеп. Кызыл китеп – жоголуп бараткан же жоголуу алдында турган сейрек өсүмдүктөр жана жаныбарлар тууралуу маалыматтарды камтып, аларды коргоонун өзгөчө тартибин аныктайт. Өлкөбүздүн Кызыл китеби алгач 1985-жылы жарык көргөн. Бирок анын аталышы эле кыргызча болбосо ичиндеги материалдардын бардыгы орус …

Кызыл китепке кирген “Кызыл китеп” Толугу менен »

Театр – элдин руханий байлыгы

Ж.Коңурбаева атындагы Нарын шаардык китепканасы, 27-март Эл аралык театр күнүнө  карата “Театр – элдин  руханий байлыгы” деп аталган ачык эшиктер күнүн өткөрүштү. М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык дарама театырынын өнөрпоздору чакырылган иш-чара “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү  жана дене тарбиясы” жөнүндөгү,”Улуттук нарк”,”Улуттук дем-уңгу жол” Жарлыктарынын алкагында уюштурулуп,  ыр-күүлөр менен коштолду. Маданий иш-чара көңүлдү эргиткен ыр-күүлөрү, сахнадагы актёрдук …

Театр – элдин руханий байлыгы Толугу менен »

Дөңгөлөк үстүндөгү театрга 88 жыл

М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрына быйыл 88 жыл толот. 1937- жылы 5-октябрда Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Кеңешинин  чечими менен Нарында колхоз- совхоз театры уюшулуп, эң алгачкылардан болуп  К.Токобаевдин  “Кайгылуу Какей”, 1938-жылы Ж.Турусбековдун “Ажал ордуна” музыкалуу спектакли коюлган. 1939-жылы Москвада болуп өткөн кыргыз адабияты менен искусствосу декадасынан кийин  Жумгал жана Нарын  колхоз …

Дөңгөлөк үстүндөгү театрга 88 жыл Толугу менен »

Ат-Башы: Өзгөчө кырдаал жарыяланды

Катуу шамалга байланыштуу Ат-Башы районунда Өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эрнес Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, аталган райондо шамалдын күчү 23 метр секундан ашып, Терек-Суу айылынан эки, Калинин айылында бир үйдүн, Торугарттагы  Котур-Таш чек ара заставасынын чатырын алып, бир оор жүк ташуучу унааны, эки чиркегичин оордарып кеткен. “Шамалдын күчү  …

Ат-Башы: Өзгөчө кырдаал жарыяланды Толугу менен »

Быйыл Нарын шаарына 10 миң көчөт тигилет

Нарын шаарында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жумуштары башталды. Бүгүн, 26-мартта 400дөн ашык ак кайыңдын көчөттөрү  “Жээк” аллеясына отургузулду. 2 миң ар кандай бак-дарактын көчөттөрү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы токой чарбадан МSDSPKG коомдук уюмунун “Жашылдандыруу жана токойлорду кеңейтүү” долбоорунун  алкагында алынып келинген. Долбоордун максаты -климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу экологиялык проблеммаларды  чечүү жана жаратылыш кырсыктарын алдын алуу. Бул долбоор …

Быйыл Нарын шаарына 10 миң көчөт тигилет Толугу менен »

“Ала-Тоо” стадиону эл аралык стандартта реконструкцияланат

Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” стадиону эл аралык стандарттар менен  заман талабына ылайык рекнострукцияланат. Буга чейин стадиондун чек аралары такталып, С.Орозбаков көчөсү тарабындагы муниципалдык жерлер ижарадан кайтарылып алынып, ээлери тарабынан  бузулуп, учурда стадионду куруу иштерине даярдык көрүлүүдө. “Кыргыз футбол биримдиги тарабынан республика боюнча стадиондорго көңүл бурулуп,  кайра куруу иштери башталды. Алардын катарында биздин “Алат-Тоо” стадиону дагы бар. …

“Ала-Тоо” стадиону эл аралык стандартта реконструкцияланат Толугу менен »

“Жээк” аллеясынын долбоору даярдалды

Нарын шаарынын 64 аймагына  Нарын дарыясынын түштүк  жээгин бойлой салына турган “Жээк” аллеясынын долбоору даярдалды. Долбоордун эскиздик чиймеси Нарын курулуш мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалды. Бул долбоор өткөн жылы салынган  “Жээк” аллеясынын уландысы. Долбоор республиалык бюджеттин эсебинен Нарын шаарын өнүктүрүү максатында бөлүнгөн каражаттын эсебинен курулат. Учурда “”Жээк” аллеясы курула турган жер тилкесиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, ордун …

“Жээк” аллеясынын долбоору даярдалды Толугу менен »

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет

Кыргызстанда ушул жылдын 1-майынан тарта электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет. Электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү бардык керектөөчүлөргө таасирин тийгизет. Тарифтердин көтөрүлүшүнүн себептери Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев тарифтердин жогорулашына бир нече факторлор, анын ичинде инфляция, энергетикалык ресурстарга жана жабдууларга болгон баанын өсүшү себеп болгонун билдирген. Учурда өлкөдө тарифтер Борбор Азиядагы эң төмөнкү тарифтердин …

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет Толугу менен »

В.Ленин атындагы борбордук жолду рекнострукциялоо иштери башталды

Нарын шаарынын В.Ленин көчөсүнүн реконструкциялоо менен кеңейтип кайра куруу долбоору калаанын Батыш аймагынан башталды. Учурда  Интернат чөлкөмүндө тротуарлар, зым тиректер алынып, аба чубалгылар жыйналып жатат. Ага удаа эле жол түшө турган  жер асфальтка даярдалып жер жумуштары жасалууда. Буга чейин кеңейтилип салына турган жолдун боюндагы  курулуштар, тосмолор жана башка жылдырууга жаткан обьектилер такталып чыгып, четинен алынууда. …

В.Ленин атындагы борбордук жолду рекнострукциялоо иштери башталды Толугу менен »