DOLON MEDIA

Нарын районунда эки ишкана ачылды

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында эт азыктарынан жарым фабрикаттарыды даярдаган цех, Эмгек-Талаа айылында төрт тоннага чейин сүттү кайра  иштетүүчү ишкана ачылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалымдашынча жыл башынан бери  республикада айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары 8091,6 млн сомдук тамак-аш, суусундуктар өндүрүлгөн. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө …

Нарын районунда эки ишкана ачылды Толугу менен »

Айыл банктын аталышы өзгөрдү

Айыл банктын аталышы “АБанк” деп ырасмий өзгөрдү. Ал эми банктын ишмердүүлүгү, жеке жана юридикалык жактар менен иштөөсү, реквизиттер,  банктык эсептер, баары сакталат. Мурда түзүлгөн келишимдер күчүңдө кала берет.  Кардарлардын чочулоосуна себеп жок.13-мартта аталган банктан кабарлашкандай Банктын жаңы аталышы анын заманбап имиджин чагылдырып, брендди бирдиктүү кылуу жана анын таанымалдуулугун жогорулатуу максаттарына ылайык келет. Банктын негизги баалуулуктары …

Айыл банктын аталышы өзгөрдү Толугу менен »

М. Рыскулов атындагы облустук театрга жаңы көркөм жетекчи келди

Тиешелүү министрликтин буйругуна ылайык Ишенбек Аманжолов бул кызматка 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды. 32 жаштагы И. Аманжолов жогорку билимдүү, Кыргызстанда, Россияда билим алган. Бакен Кыдыкеева жаштар театрында артист, Капар Медетбеков атындагы Талас облустук театрында режиссер болуп иштеген. Үстүбүздөгү жылдын 10- мартынан баштап Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрына көркөм жетекчи болуп …

М. Рыскулов атындагы облустук театрга жаңы көркөм жетекчи келди Толугу менен »

Депутат Шаирбек Ташиев ИИМде сурак берип жатканы айтылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев 13-мартта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатканы кабарланды. Бирок кайсы иш боюнча экени белгисиз. ИИМ маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Шаирбек Ташиевге байланышкан ар кандай видеолор чыгып жатат. 10-мартта социалдык тармактарда “Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевдин кумаркана боюнча” сүйлөшүүсү …

Депутат Шаирбек Ташиев ИИМде сурак берип жатканы айтылууда Толугу менен »

Садыр Жапаров жабыр тарттым деген ишкерлердин иши кайра каралаарын билдирди

Жогорку Кеӊештин депутаты Элвира Сурабалдиева 11-мартта парламенттин президент Садыр Жапаров катышкан жыйынында мурда-кийин ар кандай кылмыш иштери менен кармалган ишкерлер боюнча маселе көтөрдү. Ал бирок бизнесмендер укук коргоо органдарына арыз жазуудан чочулап жатышканын билдирди. “УКМК мамлекетке өткөн мүлктөрдүн тизмесин жарыялашы керек. Ишкерлерден канча мүлк алынды, алардын канчасы өз эрки менен өттү жана канчасы мажбурлоо жолу …

Садыр Жапаров жабыр тарттым деген ишкерлердин иши кайра каралаарын билдирди Толугу менен »

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев камакка алынганы 11-мартта кабарланды. Маалымат атайын кызматтагы булактар аркылуу ырасталды. Ал кайсы иш боюнча кармалганы азырынча белгисиз. Учурда Конгантиев УКМК нын убактылуу кармоочу жайында экени дагы малымдалууда. Бир күн мурда, 10-мартта ал депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу боюнча арыз берип, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) отурумга катышкан 10 мүчөсү бир добуштан …

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды Толугу менен »

Журналист Алтынай Арстанбекова кармалганы айтылууда

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист Алтынай Арстанбекованы кармаганы кабарланды. Бул тууралуу айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазып, социалдык баракчаларда активдүү таратышууда. Бирок  ИИМ маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок. Ачык булактарга таянсак, А. Арстанбековага социалдык тармактарда фейк баракчадан чыккан постторго байланыштуу кылмыш иши козголгон. Мунун алдында Фейсбукта эркек кишинин аты менен ачылган баракчаны Алтынай Арстанбекова …

Журналист Алтынай Арстанбекова кармалганы айтылууда Толугу менен »

Нарын шаарында гүлдөр өстүрүлөт

Нарын шаарына гүлдөр май айында отургузула баштайт. Мурда гүлдөрдүн көчөттөрү башка шаарлардан сатылып алынып келүүчү. Буга байланыштуу айрымдары жергиликтүү климаттык шартка ылайыкташпай соолуп да калчу. Быйыл гүлдүн уруктары Нарын шаарындада өстүлүп баштайт. Бул үчүн Нарын шаардык жашылдандыруу муниципиалдык ишканасынын эки кызматкери Каракол шаарына барып атайын окуудан өтүп келишти. Жыйынтыгында шаардык бюджеттен 170 миң сом бөлүнүп, …

Нарын шаарында гүлдөр өстүрүлөт Толугу менен »

Энергиясыз жылуулук берүү тутуму сыноодон өтүүдө

Өлкө боюнча Нарын шаарында биринчи жолу электр энергиясыз жана көмүр отунусуз жылуулук берүү ыкмасы тажырыйба катары ишке киргизилип, жылуулук системасын сыноо башталды. Ал үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 192 миллион  423 миң сом бөлүнгөн. Долбоор алкагында М.Сыдыков чөлкөмүндөгү откана реконструкцияланып, жабдуулар 2500 кВт кубаттуулуктагы заманбап аба аркылуу иштей турган  жылуулук насосторуна алмаштырылды. Учурда бул ыкма …

Энергиясыз жылуулук берүү тутуму сыноодон өтүүдө Толугу менен »

Ашууларда абал туруктуу

10-11-март күндөрү боло турган туруксуз аба-ыйрайына байланыштуу температуранын өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, Нарын облусунун аймагында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетип, кар аралаш жаан жаашы күтүлөт. Ал эми облус аймагындагы  унаа жолдордо абал туруктуу, каттам бар. Бишкек – Нарын -Торугарт жолундагы Долон, Түз-Бел  ашууларында жол ачык. Жол тейлɵɵ …

Ашууларда абал туруктуу Толугу менен »