DOLON MEDIA

Дүйнөнүн 65 өлкөсүн суктандырган Теңир-Тоо

Туризм – жер шарынын көптөгөн өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн маанилүү тармактардын бири. Туризм индустриясын калыптандырууга жана өнүктүрүүгө жыл сайын жаңылык кошуп, саякатчыларды тартып аны менен Кыргызстандын кооз жерлерин, кыргыз маданиятын, каада-салтын чет элдиктерге даңазалоо максатында акыркы жылдары арбын каражаттар бөлүнүүдө.

Билинбегени менен бир жыл ичинде Нарын облусуна туристтердин дүйнөнүн 65 өлкөсүнөн келиши Нарындын туризм тармагы кыска убакыт ичинде өнүгүп, эл аралык экономикалык байланыштардын маанилүү секторуна айлана баштаганынан кабар берет.

Туризм – облусубуздун экономикасына  гана салым кошпостон, жергиликтүү калктын социалдык- маданий турмуш деңгээлинин жогорулашына жана достуктун чыңдалышына өбөлгө болот.

Нарын облусуна өткөн жылы жалпы 141 миң 378 турист келип, алардан 127 миллион 424 миң 300 сом түшкөн. Бул көрсөткүч 2023-жылга караганда  72 миллион 512 миң 200 сомго көп.

Келген туристтердин 28 миң 310у Улуу Британия, Австралия, Германия, Бельгия, Испания, Араб Эмираты, Корея, Россия, Америка Кошмо Штаты, Франция сыяктуу 65 өлкөдөн келишкен. Ал эми  113 миң 68 турист ички саякатчылар.

РАЙОНДОР БОЮНЧА АЛСАК

Ак-Талаа районуна  10 миң 734, Ат-Башы районуна 30 миң 718, Жумгал районуна    29 миң 193, Кочкор районуна 19 миң 953, Нарын районуна  31 миң 806, Нарын шаарына       18 миң 974 саякатчы келген.

Сандар көрсөткөндөй жыл сайын Теңир-Тоого келген туристтердин саны өсүүдө. Мындан улам облустун туристтик видео материалдары даярдалып,  5 жылдык өнүгүү планы иштелип чыгып, тейлөөнү жакшыртуу жана туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү менен алардын коопсуздугун камсыздоого багытталган бир топ долбоорлор ишке ашууда.

Алсак,  облустун туризм сферасындагы  болгон маалыматтарды камтыган  visitnaryn.com платформасы иштелип чыгып, мобилдик тиркемеси даярдалып иштеп баштады. Ошондой эле 17 жер участоктору аныкталып, Нарын, Кочкор райондорунун туристтик аймактарына

Нарын облусунда  жалпы 308 туристтик субьектилер каттодон өтсө, алардын 182си активдүү иш алып барышат. Туризм тармагындагы ишкерлердин кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу жана өнүктүрүү максатында “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонду тарабынан долбоорлор дагы каржыланууда.

Алсак, Нарын шаарына “Кербен” мейманканасын куруу үчүн 14 млн 300 миң,  Соң-Көл жайлоосундагы “Али-Нур” боз үй лагерин өнүктүрүүгө  4 млн 900 миң сом, Нарын районундагы “Тешик” жайлоосундагы эс алуу жайын өнүктүрүүгө  860 миң сом, жалпы 19 миллион 860 миң сом бөлүнгөн.

 

Мындан тышкары  эл аралык талаптарга ылайык кызмат көрсөтүү үчүн “Туризимди өнүктүрүү” фонду тарабынан Кочкор районунун Теңдик айылында жана  Нарын шаарынын 64 аймагында салынып жаткан туристтик тейлөө борборлорунун  97 пайыз курулушу аяктады. Бул борборлор ишке берилгенде эл аралык талаптарга ылайык тейлөөгө шарт түзүлмөкчү. Ошондой эле  жүргүнчүлөр үчүн  сервисти жакшыртуу максатында “ГОУБАС” долбоору ишке ашты. Муну менен туристтердин облуска келип кетүүсү үчүн жакшы шарт түзүлдү.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров айтуусунда туристтерге шарттарды жакшыртууга, жолдорду ондоого  мамлекет тарабынан атайын каражаттар бөлүнүп, кырып тазалоо  иштери жүрүп жатат.

“Быйыл Түндүк-түштүк жолунун ачылышы менен дагы ички туристтер көбөйөт деп ишенип жатабыз. Ошондой эле Өзбекстандан дагы туристтер келиши күтүлүп жатат. Чындыгында туристтерин саны көбөйгөн  сайын бир топ инфратүзүмдү оңдоого милдеттүүбүз. Биздин ажайып кооз тоолорго кызыккан чет элдик саякатчылар өзгөрбөгөн, өз калыбындагы жаратылышты көргүсү келишет. Эң негизгиси  бизде төрт мезгилдин болушуна дагы кызыгышат экен.

Негизинен мамлекет тараптан да,  жеке тараптар  да  жасай турган инфратүзүмдөр бар. Бул боюнча  сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Туристтерге кызмат көрсөтүп жаткан шаарчаларды  бир тартипке келтирүү боюнча тапшырмалар дагы келди, бул боюнча иштер башталат. Айрыкча боз үй шаарчалары кыргыздын каада-салты үрп адаты камтылган болушу керек. Ошондуктан  биз өзүбуздүн нукура  салтыбызды  меймандостугубузду көрсөтө алгыдай  шаарчаларды  курушубуз керек”,-деди ал.

Аны менен катар эле быйыл облуска келчү туристтерин санын 170 миңге жеткирүү, алардан калган кирешелерди дагы жогорулатуу, 31-август Эгенмедүүлүк күнүнө карата  облус аймагына 6 туристтик база ачуу, туризм обьектилеринин инфратүзүмүн жакшыртуу, жол жана көпүрөлөрдү оңдоо сыяктуу бир топ жумуштарды жакшыртуу мерчемделип жатат.

Нарын облусундагы Кошой коргон, Таш-Рабат кербен сарайы, Көл-Суу көлү, Ак-Сай өрөөнү сыяктуу  тарыхый жайлар өзүнүн кайталангыс архитектурасы жана тарыхый мааниси менен туристтерди өзүнө тартып турат. Кээ бир чет өлкөлүктөр тоолорго чыгып, кооз жерлерде болуп, ат минип, сүт ичип табияттын кереметине суктанганды артык көрүшөт. Буга мисал катары 1999-жылы Улуу Жибек жолу боюнча  8 миң чакырым жолду ат менен басып өткөн алгачкы саякатчы Александра Толстаяны айтсак болот.

 

Ал Британдык эл аралык “Файненшл Таймс” басылмасына макала жазып ат менен өткөн бардык аймактардын ичинен Ат-Башы району аны өзгөчө таасирленткенин  белгилеп,  ээн жаткан кең өрөөндөр, топоздор жана боз үйлөрдүн көркүнө суктанганын айткан.  Ал эми көптү кызыктырган Көл-Сууну көк мелжиген асман тиреген, ак илбирстер байырлаган аскалуу тоолор  курчаган керемет көл деп сыпаттаган.

Ал быйыл биринчи жолу 27-апрелде Бишкектен Ат-Башынын алыскы аймагына сегиз күндүк ат тур уюштурат.  Бирок, саякаттоону каалагандар  ат минип жүрүүгө,  3200 метр бийиктиктеги Таш-Рабат ашуусун ашууга  жана кар каптаган чатырларда түнөөгө даяр болушу керектигин да эскерткен.

Жаркын Ибраева

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.