DOLON MEDIA

Акыйкатчы интернеттеги жалган жалаа үчүн айып салган долбоорду артка кайтарууну сунушта

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 27-сентябрда билдирди. Жаманбаева сөз эркиндигинин, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы маанилүү экенин, ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди сактоо үчүн сотко кайрылуу керектигин белгилеген. Билдирүүдө мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн айып …

Акыйкатчы интернеттеги жалган жалаа үчүн айып салган долбоорду артка кайтарууну сунушта Толугу менен »

Райондук сот Алмамбет Салиевдин камакка алынганын ырастады

Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев кармалганы белгилүү болду. Анын бөгөт чарасы 26-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, 4-ноябрга чейин камакка алынды. Райондук соттун басма сөз кызматынын маалымдашынча, сотто Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы аны камакка алууну өтүнгөн. Алмамбет Салиевге Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш …

Райондук сот Алмамбет Салиевдин камакка алынганын ырастады Толугу менен »

ЮНЕСКО Борбор Азиядагы коруктардын абалына тынчсызданды

ЮНЕСКО жана Жаратылышты коргоо эл аралык бирикмеси Дүйнөлүк жаратылыш мурастарына кирген Батыш Тянь-Шандын аймагындагы жерлерди чарбалык максатта колдонуу күч алганына тынчсыздануусун билдирди. Мындай билдирүү эки уюмдун өкүлдөрүнүн Кыргызстанга, Өзбекстанга жана Казакстанга биргелешкен сапарынан кийин жарыяланды. “Чек арасыз дарыялар” коомдук фондунун сайтына чыккан маалыматка караганда, эл аралык уюмдар аймактагы үч өлкөдөгү айрым долбоорлорду жаратылышка “кооптуу” деп …

ЮНЕСКО Борбор Азиядагы коруктардын абалына тынчсызданды Толугу менен »

Абактагы журналист Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды

Temirov Live каналынын тогуз айдан бери тергөө абагында отурган журналисти Айке Бейшекеева эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгынын лауреаты болду. Чехиядагы “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму кыргызстандык журналистке адам укуктарын коргоо жаатындагы каармандыгы үчүн бул сыйлыкты ыйгарды. Сыйлык берүү аземи Прагада өттү. Сыйлык адам укуктарын коргоону жакшыртууга жан үрөгөн жаштарга ыйгарылат. Быйыл бул сыйлыкка 75 талапкер …

Абактагы журналист Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды Толугу менен »

Долон ашуусуна 3 см кар жаады

Долон ашуусуна 3 см кар жаады. Нарынгидромет кызматынын маалыматына караганда, ашууну туман каптоодо, бирок жол ачык, унаа тыгыны жок. “Абанын температурасынын төмөндөгөнүнө байланыштуу Долон ашуусунда жол тайгак болуусу  күтүлөт.  Андыктан, айдоочулар коопсуздукту сактап, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо керек”,-деди аталган кызматтан.

ӨКМ: Нарында үшүк жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тартакан маалыматтарга караганда, бүгүн, 27-сентябрда күндүз  Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 28-29-сентябрда түнкүсүн Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы  -1…-3 даражага  чейин түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк мөмө-жемиштерге, жашылча, казылып алынган жана  жабылбаган …

ӨКМ: Нарында үшүк жүрөт Толугу менен »

Акылбек Жапаров Кумтөр дагы 20-30 жыл иштерин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинде алтындын жаңы запастары табылып жатканын жана кен дагы 20-30 жыл иштей турганын билдирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин жетекчиси 26-сентябрда “Экономикалык ойдун өнүгүүсү: изилдөөлөр жана чечүү жолдору” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө айтты. Акылбек Жапаров кендеги калдык сактоочу жайдан алтын алууга аз эле калганын жана жер астынан …

Акылбек Жапаров Кумтөр дагы 20-30 жыл иштерин айтты Толугу менен »

Нью-Йорк мэри мыйзамсыз иштерге шектелип жатканы кабарланды

АКШда Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс мыйзамсыз иштерге шектелип жатканы 25-сентябрда белгилүү болду. Буга чейин шаардын тарыхында кызматтагы мэр кылмышка айыпталган окуя болгон эмес. Расмий маалымат жарыялана элек. Бирок Нью-Йорктун федералдык прокуратурасы соңку бир жылдан бери мэрдин жакын кеңешчилеринин жана жардамчыларынын айрымдары, анын арасында коопсуздук маселелери боюнча орун басарына карата иликтөө жүргүзүп келе жатканы белгилүү. Бир …

Нью-Йорк мэри мыйзамсыз иштерге шектелип жатканы кабарланды Толугу менен »

Аба ырайы: аймактарга жаан, кар жаайт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 27-сентябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу жана бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар аралаш жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын …

Аба ырайы: аймактарга жаан, кар жаайт Толугу менен »

Өкмөт Кызыл-Омполдон титаномагнетит өндүрүлө баштаарын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак участогунда Кыргызстандагы эң ири титаномагнетит кени – Кызыл-Омполдун өздөштүрүлүшүнүн башталышын билдирген мезгил кутусун салууга катышты. Ал титаномагнетитти өндүрүү ишин мамлекет колго алат жана долбоорду каржылоо булактары аныкталат деп айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Министрлер кабинетинин төрагасы титаномагнетитти алууда уран, торийди коопсуз казып алууну камсыз кылуучу технологиялар …

Өкмөт Кызыл-Омполдон титаномагнетит өндүрүлө баштаарын билдирди Толугу менен »