DOLON MEDIA

Жайыттар такырланса, эттин баасы өсөт. Байланыш эмнеде?

 Кыргызстанда жалпы 9 млн гектар жайыт бар. Анын ичинен эң көп аянт – 30% жакыны Нарын облусуна туура келет. Тагыраагы, Нарында 2 млн. 600 гектарга жакын жайыт бар. Тилекке каршы, облуста жыл сайын жайыт деградациясынын аянты өсүп, мунун айынан малдын асылдуулугу төмөндөп жатат. 

Талдоочулар бир аймактагы деградация көйгөйү жаратылышка, өлкө экономикасына терс таасирин тийгизээрин белгилешет. Анын ичинде зарыл азыктардын катарына кирген эттин баасы өсөт. Биз деградациянын себеби жана анын кесепеттерин анализдеп көрдүк.

*Жайыт деградациясы бул – туура эмес пайдалануудан улам жайыттардын талкаланышы жана анын негизинде тоют чөптөрдүн түшүмдүүлүгүнүн азайышы.

 Жайлоого чөп чыкпай, кыйналган малчылар

Нарын районунун тургуну Чолпон Абдрашитованын үй-бүлөсү мал-жандык менен тиричилик кылат. Ал жашаган аймакта жайыт деградациясы орчундуу маселелердин бири экенин айтты. Жайкы жайыттардын басымдуусу такыр жерге айланып, мал багуу жыл санап кыйынчылыкка кептелүүдө. Мурда малдын санын көбөйтүүгө аракет жасаса, азыр аларга тоют жеткирүү көйгөй болуп калды.

 Биздин Жерге-Тал айылына аз эле аянттагы жайыт бөлүнгөн. Бирок коңшу айылдагы малчылар дагы талашып, кирип алышат. Анан эки айда эле жайытты койдун туягы талкалап, чөптү тамыры менен жок кылып салат. Ошентип жайлоолорго чөп деле чыкпай калды. Мунун айынан акыркы 2-3 жылдан бери жайлоодон мал арык түшөт. Деградациянын кесепети менен жайыттар талашка айланып, муну кимге деле айтышты билбейбиз”,-деди каарманыбыз.

 Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окумуштуулары Ат-Башы районундагы Ат-Башы жана Ак-Муз айыл аймактарынын ички жайыттарында деградациянын көрсөткүчү боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анда изилдөөгө алынуучу участок тосмо менен курчалып, ичиндеги топурактын, өсүмдүктүн жана анын тамыры лабораториялык изилдөөдөн өткөрүлгөн.

 Жыйынтыгында тосмонун ичине караганда сыртындагы топурактын тапталуусу үстүнкү бетинде (0-10 см тереңдикте) 183%, ортоңку тереңдикте (10-20 см) 135%, ал эми алдыңкы тереңдикте (20-30 см) 173% жогору болгондугу далилденген.

Жөнөкөйлөштүрүп түшүндүргөндө, айылга жакын жайгашкан ички жайыттарда жыл бою мал жайылгандыктан алар деградацияга тез учурап жатканы, мал жеген чөптөрдүн азайып, анын ордуна отоо чөптөрдүн басымдуулук кылып жаткандыгы аныкталган.

Нарын облусундагы жайыт деградациясынын көрсөткүчү

Жайыт департаментинин 2017-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Нарындагы жайлоолордун 22 пайыздан ашыгы деградацияга дуушар болгон.

Статистика боюнча Кыргызстанда 30 жылдан бери жайыт аянттарынын кеминде 35 пайызы деградацияга учураган. Мындан ары дагы көңүл кош мамиле улана берсе, деградация аянты жыл сайын 5 пайыздан 10 пайызга чейин көбөйөт.

 

 

 

 

 Деградациянын себептери. Жайыт департаменти эмне дейт?

Жайыт жана асыл тукум департаментинин башкы адиси Карлыгач Кубанычбекованын айтымында, жайыттардын деградацияга учурашына туура эмес колдонуу себеп болуп жатат. Тагыраагы, жакынкы жайыттар ашкере пайдаланылып, алыскы жайыттыр колдонулбай жатат. Ошол эле учурда малдын саны көбөйүп, жайлоого мал чектен ашыкча жайылууда.

 Аймактардагы жайыт комитеттери жайыттарды которуштуруп пайдалануу боюнча пландарды иштеп чыгышат. Бирок ал көпчүлүк учурда аткарылбай калууда. Ошондуктан жыл сайын жайыт колдонуу эрежелери боюнча текшерүү жүрөт. Анын негизинде былтыр 200 миң гектардан ашык жайытты эс алдыруу боюнча чечим чыгарганбыз. Эреже боюнча такыр жер 3 жылга чейин эс алганда калыбына келет”,-деди Карлыгач Кубанычбекова.

Норма боюнча алганда 1 гектар жайытка 1,6 шарттуу баш мал туура келет:

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, Нарын облусунда мал-жаныктын саны жыл сайын өсүп жаткандыгын билүүгө болот:

Жайыт деградациясы экологияны булгап, экономикалык көйгөйлөргө алып келет

Академик, мурда айыл чарба министри болуп иштеген Жамин Акималиев жайыт деградациясынын кесепеттерине токтолду. Ал жайлоолордун сарамжалдуу пайдаланылбай жатышын жалпы Кыргызстан үчүн “трагедия” деп атады. Себеби деградацияга кабылган жайлоолорду тикен менен отоо чөптөр басат. Мындан тышкары, майда жандыктар, курт-кумурскалар жоголот. Ал эми зыяндуу чөптөрдүн, тикендин уруктары шамал, агын суулар аркылуу башка аймактарга жетип, ал жайыттарды дагы зыянга учуратат.

Союз маалында тоютка болгон муктаждыктын 60 пайызын жайлоолор жаап келген. Азыр жайыт тоюттун 40 пайызын гана берет. Тагыраагы, бара-бара тоют чөптүн тартыштыгы күч алып, кымбатташына алып келүүдө. 

“Бул бир аймактын же азчылыктын эле көйгөйү эмес, жалпыбыз көңүл бура турган маселе. Ага улай элдин 68 пайызы айыл жеринде жашап, мал-жандык менен тиричилик кыла турганын унутпашыбыз керек. Мисалы, мурда бир гектар жерден 50-60 центнер арпа жыйналса, азыр араң 15-20 центнер түшүм алынат. Ал эми беде сепкенде (кургак чөп) гектарынан 100 центнерден түшүм берчү. Учурда бул көрсөткүч эки эсеге төмөндөп кетти”,-деди Жамин Акималиев.

Эттин баасы бир канча факторлорго көз каранды болгону менен, өз кезегинде тоют тартыштыгы да таарисин тийгизет. Бул сыяктуу себептерден улам Кыргызстанда жыл санап эттин баасы өсүп жатат.

Статистикага таянсак, 2016-жылы эттин бир килограммы 300 сомго жеткен эмес. Ал эми 2022-жылга жетип, бир килограмм эттин баасы 500 сомдон ашты.

 

Белгилесек, талдоочулар мындай көрүнүш улана берсе, жакынкы жылдары экономикага олуттуу сокку урулаары мүмкүн экенин эскертип келишет. Ошол эле учурда жайыттарды которуштуруп пайдалануу, жакырланган жайлоолорду эс алдырып колдонуу деградациянын алдын ала турганы айтылат. 

Автор: Дилде Шатанова, Нуржамал Баргыбаева

Сүрөт: Найзабек Мукамбетов

Мунун баары IDEA CA тарабынан @ukinkyrgyzstan каржылык колдоосу менен @actedcentralasia жана @worldbank  биргеликте ишке ашырып жаткан «Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу» программасынын алкагында ишке ашырылууда. Автордун пикири колдоочу уюмдардын пикири менен дал келбеши мүмкүн. #IDEACA #ACTEDKyrgyzstan

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.