DOLON MEDIA

Сүрөт баян: Апрель курмандыктары эскерилди

Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында токсонго чукул адамдын өмүрү кыйылган Апрель революциясына быйыл 13 жыл болду.

Бүгүн, 7-апрелде эскерүү иш чарасы Нарын шаарындагы “Тянь-Шань” паркында апрель окуясында курман болгон  баатырлардын  элесине арналып тургузулган эстелик алдында өттү. Эскерүү иш чарасына облустук, райондук, шаардык бийлик төбөлдөрү, Апрель баатырлары, анда курман болгондордун жакындары жана бир катар мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Алгач, Нарын шардык маданият үйүнүн чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган шейит кеткен бала менен анын артында калган энесинин сүйлөшүүсү тууралуу сценка көрсөтүлдү. Андан соң,  2010-жылы  үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрацияда бийликтин ээси эл экенин далилдеп, адилеттик башкарууга  жетүү үчүн 7-апрелде өмүрүн берген жана алган жараатынан улам кийин көз жумган мекендештерибизди эскерүү мүнөтү жарыяланып, асманга ок атылып,  эстелик алдына гүл чамбар коюлуп, куран окулду.

Кыргыз эли эркиндикти, акыйкаттыкты, чындыкты сүйгөн эл

Эскерүү иш-чарасында облус башчысы  Алтынбек Эргешов кыргыз эли мыйзамды, акыйкаттыкты, эркиндикти, чындыкты  сүйгөн эл экенин далилдеп келгенин, анын бир далили 7-апрель күнү экенин белгилеп,  апрель окуясында курман болгон мекендештерибиздин жакындарына сабыр  тилеп, ден соолук каалады. Ошондой эле ал 13 жыл мурдагы кандуу окуядан кийин деле мамлекетте дароо өзгөрүү болуп кетпегенин айтты.

Революциядан кийин өлкөдө  өнүгүү, жаңылануу процесстери жүрүш керек. Бирок кыргыз эли башынан үч революция өткөрсө дагы тилекке каршы өнүгүү кадамдары ойдогудай болгон жок. 2010-жылдагы кандуу окуяда кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн кыйылган өмүрлөр текке кетпеш керек. Бизге дагы бул  окуялар чоң сабак болушу зарыл. Ал күндөр баардыгыбыздын эсибизде, оор күндөр болгон. Баардыгына эле баатырча  курман болгонду  буюрбайт экен. Андыктан  каза болгон баатырлардын артында калган туугандарына, ата-энелерине, уул-кыздарына  айтат элем,  башыңыздарды бийик көтөрүп, мен баатырдын  атасымын, энесимин,  баласымын деп жүрүңүздөр. Баатырлардын эрдиги,  элеси түбөлүккө калыш үчүн мамлекет өз аракетин көрө берет.

Мындай окуялар эми кайталанбашы керек, ал элибизди, жерибизди  дайым артка тартат.  Учурда өлкө өнүгүү жолуна түшүп, бардык тармактарда реформалар жүрүүдө. Апрель окуясынан сабак алган өлкө башчыбыз айрыкча Нарын облусуна көңүл буруп,  бир катар ири долбоорлорду баштоонун алдында турабыз. Буюрса элдин арасында ынтымак болсо, бири-бирин колдоп, ак ниет мамиле кылса, өнүгүүгө жол ачылат. Бул окуя кыргыз элиндеги эң акыркы кайгылуу окуя болуп калсын”,-деди ал.

21 адамдан турган кыймыл түзүп, Нарында башталган апрель окуясынын башында турган Апрель баатырлары  Асыл Жаманова жана  Бактыгүл Жумабаева ошол кездеги бийликтин бир адамдын колуна топтолушу, элдин турмуш деңгээлинин төмөндөшү,  акыйкатсыздык, электр жарыгына, мобилдик  байланышка болгон баалардын көтөрүлүшү, коррупцияга, үй-бүлөлүк башкаруу сыяктуу  элдин толкундоосуна алып келген бир топ социалдык көйгөйлөрдүн  аягы 2010-жылдагы кандуу 7-апрель окуясы менен аяктаганын эскеришти.

Мындан 13 жыл мурда Кыргызстанда   Курманбек Бакиев башында  турган  бийлик,   бакиевдик режим  ыңкылап жолу менен кулаган.  Анда  Бишкектин борбордук  аянтында  нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, 87 кишинин өмүрү кыйылып, жүздөгөн демонстранттар оор жарааттарды алышкан. Элдин эркиндиги жана акыйкаттык үчүн болгон бул окуяда  25 теңиртоолук эр азаматтар аянтта атылган октон курман болсо, 72 жаран ар кандай жаракаттарды алышкан.  Кийин алган жарааттарынын кесепетинен 14 жаран каза болгон. Ал эми  “Апрель революциясынын Баатыры” наамы 37 жаранга ыйгарылган.

Апрель окуясында курман болгондордун жакындарына жана баатырларына кандай жардам берилет?

КР “2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында  курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды  социалдык коргоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык Апрель баатырларына жана ал окуяда курман болгондордун үй-бүлөсүнө жардамдар берилип турат.  Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү берген маалыматка таянсак, өкүлчүлүк,  жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, айыл өкмөттөрү тарабынан ар кандай материалдык, социалдык жардамдар көрсөтүлүп келет.

Быйыл да жылдагыдай эле райондордо жергиликтүү бюджеттен акча каражатынан жардамдар берилип, бардык билим берүү уюмдарында, маданият мекемелеринде курман болгондорду эскерүү иш чаралары өткөрүлүп, баатырлардын эрдиги даңкталып, куран окулууда.

Чындык издеп, мыйзамдуулукту талап кылып, мамлекетти тонгондорго каршы алгачкы толкундоолор  2010-жылы эң биринчи  Нарында башталган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.