DOLON MEDIA

Нарында айыл өкмөттөр биригет


Нарын облусунда  пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, айыл өкмөттөр биригет. Бул тууралуу Жарлыкка Президент Садыр Жапаров  5-апрелде  кол койду. Ага ылайык  облустагы айыл өкмөттөр чек араларына жараша биригип, саны кыскарат.

Ак-Талаа району боюнча:

– Кош-Дөбө, Жерге-Тал жана Коңорчок айыл аймактарын бириктирип, Чолок-Кайың айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ала-Буга айыл аймагын;

– Ак-Чий жана Кара-Бүргөн айыл аймактарын бириктирип, Ак-Чий айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кара-Бүргөн айыл аймагын;

– Баетов, Терек жана Үгүт айыл аймактарын бириктирип, Баетов айылын административдик борбор деп аныктоо менен Баетов айыл аймагын;

– Ак-Тал, Жаңы-Талап, Көк-Жар, Тоголок-Молдо жана Кызыл-Белес айыл аймактарын бириктирип, Жаңы-Талап айылын административдик борбор деп аныктоо менен Тоголок-Молдо айыл аймагын;

Ат-Башы району боюнча:

– Ат-Башы, Ак-Жар жана Ача-Кайыңды айыл аймактарын бириктирип, Ат-Башы айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ат-Башы айыл аймагын;

– Казыбек жана Кара-Коюн айыл аймактарын бириктирип, Кызыл-Туу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Казыбек айыл аймагын;

– Ак-Моюн жана Ак-Муз айыл аймактарын бириктирип, Ак-Моюн айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ак-Моюн айыл аймагын;

– Баш-Кайыңды жана Талды-Суу айыл аймактарын бириктирип, Баш-Кайыңды айылын административдик борбор деп аныктоо менен Баш-Кайыңды айыл аймагын;

– Кара-Суу жана Ак-Талаа айыл аймактарын бириктирип, Кара-Суу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кара-Суу айыл аймагын;

Жумгал району боюнча:

– Жаңы-Арык жана Куйручук (Кырчын айылынан башкасы) айыл аймактарын бириктирип, Жаңы-Арык айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кызарт айыл аймагын;

– Жумгал жана Чоң-Дөбө айыл аймактарын бириктирип, Жумгал айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жумгал айыл аймагын;

– Түгөл-Сай жана Таш-Дөбө айыл аймактарын бириктирип, Түгөл-Сай айылын административдик борбор деп аныктоо менен Түгөл-Сай айыл аймагын;

– Байзак жана Баш-Кууганды айыл аймактарын бириктирип, Байзак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Байзак айыл аймагын;

– Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айыл аймактарын бириктирип жана Куйручук айыл аймагынын Кырчын айылын кошуп, Чаек айылын административдик борбор деп аныктоо менен Чаек айыл аймагын;

– Миң-Куш жана Кабак айыл аймактарын бириктирип, Миң-Куш айылын административдик борбор деп аныктоо менен Миң-Куш айыл аймагын;

Кочкор району боюнча:

– Кочкор, Ак-Кыя, Кош-Дөбө, Көк-Жар айыл аймактарын бириктирип жана Семиз-Бел айыл аймагынын Семиз-Бел айылын кошуп, Кочкор айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кочкор айыл аймагын;

– Кум-Дөбө айыл аймагына Семиз-Бел айыл аймагынын Арсы жана Кара-Тоо айылдарын кошуп, Кум-Дөбө айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кум-Дөбө айыл аймагын;

– Чолпон айыл аймагына Семиз-Бел айыл аймагынын Чекилдек айылын кошуп, Чолпон айылын административдик борбор деп аныктоо менен Чолпон айыл аймагын;

– Кара-Суу жана Талаа-Булак айыл аймактарын бириктирип, Мантыш айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кара-Суу айыл аймагын;

– Сары-Булак жана Соң-Көл айыл аймактарын бириктирип, Сары-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Сары-Булак айыл аймагын;

Нарын району боюнча:

– Дөбөлү жана Орток айыл аймактарын бириктирип, Дөбөлү айылын административдик борбор деп аныктоо менен Дөбөлү айыл аймагын;

– учурдагы чек араларын өзгөрүүсүз калтыруу менен Чет-Нура айыл аймагын;

– Миң-Булак, Он-Арча, Эмгекчил жана Кара-Кужур айыл аймактарын бириктирип, Куйбышев айылын административдик борбор деп аныктоо менен Миң-Булак айыл аймагын;

– Жерге-Тал жана Казан-Куйган айыл аймактарын бириктирип, Жерге-Тал айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жерге-Тал айыл аймагын;

– Жан-Булак жана Достук айыл аймактарын бириктирип, Жан-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жан-Булак айыл аймагын;

– Учкун жана Сары-Ой айыл аймактарын бириктирип, Куланак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Учкун айыл аймагын;

– Эмгек-Талаа жана Ак-Кудук айыл аймактарын бириктирип, Ак-Талаа айылын административдик борбор деп аныктоо менен Эмгек-Талаа айыл аймагын.

http://kg.kabar.kg/news/narynda-pilottuk-rezhimde-administrativdik-aimaktyk-reforma-zh-rg-z-l-t-prezidenttin-zharlygy/?fbclid=IwAR09kCFjOxKTGj8v5DGtYK-H_rKixbdYZJL4bzCgcSGFqyxXct5RgCqAIVE

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.