DOLON MEDIA

Сүрөт баян: Белдемчи-байыркы доордон бери келе жаткан кийим


Белдемчи- аялдардын төрөп түшкөндөн кийин белден ылдый тартылуучу сырткы кийими. Ал баркыт, нооту жана башка кездемелерден этеги жазы, жогорку бөлүгү кууш, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Жээктери саймаланып, кундуз карматылып, чачыланып кооздолуп,  жазда, күздө, айрыкча кыш мезгилинде тартынышкан. Белдемчи кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү, түсү боюнча айырмаланып,  анын кийүүчү кишинин жашына, өңүнө, тулку боюна, жараша тигилет.  Илгертен эле, келиндин өз энеси кызынын “жээн көрдү” тоюнда тартуулаган. Ошондой эле ал  биринчиден көчмөн кыргыз аялдары үчүн белин бекем буудуруп, тазалыкты жана ден соолукту сактоочу кийим болсо, экинчиден той-аштарда кооздукка тагынышкан.

“Белдемчи” деген аталыш: “бел” – бел, “дем” – эс алуу, “эмчи” – дабагер, деген үч сѳздѳн келип чыккан. Демек, “белге дем берген жана дабагер болуучу” дегенди түшүндүрѳт.

С.Нааматов атындагы Нарын мамалекетти университетинин ага окутуучусу Мазира Молдалиева мындан беш жыл мурун “Кийиз дүйнө” коомдук фондунан нукура белдемчини тигүүнү жана  сайма  саюну үйрөнүп келип, андан бери байыркы кыргыз элинин саймачылык өнөрүн калыбына келтирүү, сактап калып кийинки муундарга өткөрүп берүү максаты менен облус аймагына жайылтып, кыз-келиндерге үйрөтүп  келе жатат.

“Белдемчини жалаң эле кыргыздар колдонгон эмес. Борбор Азиядагы кээ бир улуттарда дагы бар. Бул байыркы доордон бери келе жаткан кийим болуп эсептелинет. “Манас” эпосунда дагы кеңири баяндалып, белдемчи  аялдардын кийими жана эркектердин жоокердик кийими катары сүрөттөлөт. Мисалы Чыйырды кийген белдемчи жөнүндө, ал төрөп жатканда, “белдемчинин жакасы беш жеринен үзүлдү” деген жагдай айтылат. Ал эми эркектердин белдемчилери  тууралуу  Манас жана анын чоролору жортуулдарга чыгып жатканда Каныкей даярдап берген беренжилер тууралуу айтылат. Мындайча айтканда ошол мезгилде эркектер дагы белдемчи кийишкен. Эркектердин белдемчилери темир, калкандан жасалган зоот кийимдер болгон. Алар аны кийип атка мингенде атты кошо жаап, бул атты да, өздөрүн дагы белден ылдый  сактап турган.

Азыркы мезгилде машинкага сайылган белдемчилер көбөйүп кетти. Бул байыркы көчмөн элдердин кийими болгондуктан, машинка менен сайылган белдемчини тагынбай, белдемчини нукура илгерки бычылышы, тигилиши менен сактап калышыбыз керек. Азыр биз илгерки бычылышын, тигилишин, сайманын сайылышын, жээктери кандай, кандай деталдардан турат ошонун  бардыгын тең үйрөтүп келебиз. Кызыккандар аябай көп”,-деди М.Молдалиева.

Белдемчинин  бел куру жазы болгон учурда, топчу менен бүчүлѳнгѳн, ал эми туурасы ичке болгондо, учунда чачыгы бар кызыл, жашыл, көк жана ак түстѳгү “ычкыр” жип менен байланган.  Советтик этнографтар К.И. Антипинанын изилдѳѳсү боюнча белдемчи жазалган кездемеси, бычуу жана жасалгалоо ыкмасы боюнча ар-бир уруулук топтордо ѳзгѳчѳлѳнүп, айырмаланып турган.

“Бычылышы боюнча белдемчилер кенен, тизеден ылдый, этеги жайык, кыска, этеги кууш деп эки түргө бөлүнгөн.  Нукура белдемчилерге  сайма кооздолуп  сайылып, бел куру  ичи сыртынан дагы кооздук үчүн “упчу баш” ыкмасы менен бүгүлүп тигилет. Белдемчинин тигилиши, кездеменин колдонулушу, кооздук үчүн салынган оймо-чиймелерде дагы  ар  бир уруунун өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү болгон. Ич ара урууларда дагы айырмачылыктар бар. Айрым айтымдар  боюнча белдемчини эки тарабынан тең тагынганга болот, алсак конокко барганда келиндер белдемчиси булганбаш үчүн  ички бетинен  кийип алып казандын жанында оокат кылып, аны бүткөндө кайра алмаштырып  кийип алышканы айтылып жүрөт. Ата-Бабалардан калган баалуулуктарды, тарыхый мурастарды сактап калуу, улантуу жана келечек муунга ѳткѳрүп берүү ар-бирибиздин милдетибиз болуп эсептелет. Бүгүнкү күндѳ керме сайма ѳнѳрүн жана унутулуп бараткан нукура белдемчини жандандыруу жана жайылтуу боюнча чоӊ иштер “Кийиз дүйнѳ” фондусу тарабынан жасалууда”,-деп кошумчалады М.Молдалиева.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.