Нарын шаары жана Нарын району боюнча “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучу 85 жарандын ар бирине 100 миң сомдун сертификаттары тапшырлды. Муну менен быйыл облусу боюнча 577 аз камсыз үй-бүлөгө “Социалдык келишимдин” алкагында ишкерлик баштоо үчүн социалдык жардамдар берилди. Долбоорго сунушталган аз камсыз жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөрдүн 26 багыттагы 157 кичи долбоорлору жактырылып, алардын бардыгына сертификаттар Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда тапшырылган.
Бүгүн, 14-марттагы сертификат тапшыруу иш чарасына эл өкүлү Улан Бакасов катышып, жаңы ишкерчиликке багыт алган үй-бүлөлөрдүн иштерине ийгилик каалап, мамалекет тарабынан берилген каражатты максатуу пайдаланууга чакырды.
Өткөн жылы облустан долбоор менен 250 үй-бүлөгө 25 миллион сомдук колдоо көрсөтүлүп, басымдуусу ийгиликтүү иш алып кетишкен.
Маалымат үчүн белгилесек, аталган долбоор Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы «Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө» №385 токтому менен бекитилген Жобого ылайык ишке ашууда.
Бүгүнкү күндө облуста 1-апрелге карата 5 миң 718 үй-бүлөдөн 18 миң 699 бала жөлөкпул чектелип жатат.