DOLON MEDIA

Долбоордун кемчиликтери оңдоло баштады-сүрөт


Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы “Нарын шаарында таза суу жана канализация тутумдарын реконструкциялоо” долбоорунун алкагында шаардын Москва чөлкөмүндөгү Кирпич аймагындагы 300 метр таза суу түтүгүн алмаштыруу  жана мерчемделген жерлерге сууну жөнгө салуучу жабдууларды коюу иштери башталды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка таянсак, учурда “Минур” ишканасынын  аракети менен 6 басымдагы сууга жана 10 басымдагы сууга ыңгайлашкан түтүктөр алмаштырылып жатат. Ошондой эле кайра жасоонун негизинде 3 жерге сууну жөнгө салуучу тээктер коюлат.

Ошондой эле Ж.Шералиев көчөсүндөгү магистралдык суу түтүгүнө суунун басымын жөнгө салуучу жабдуулар коюлат. Ал эми Чоң Алыш көчөсүндө  жердин абалына жараша кайра жасоо  иштери алынып барылат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.