DOLON MEDIA

Сибирдин эки аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө тыюу салынды

Новосибирск облусунда эмгек мигранттарына таксист, ичимдик жана тамеки сатуучу болуп иштөөгө тыюу салынды. Губернатор Андрей Травниковдун 15-апрелде кол койгон жарлыгына ылайык, бул аймактарда иштеп жаткан ишканалар чет элдик жумушчуларынын санын берүүгө тийиш. Бул “улуттук коопсуздукту, Новосибирск облусунун калкынын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу максатында” жасалууда. 16-апрелде Камчатка крайынын губернатору Владимир Солодов патент менен иштеген мигранттарга аймак боюнча таксиде иштөөгө тыюу салган. Облус жетекчиси мындай чечимин “аймакта көбүнчө ар кандай кылмыштарды жасаган мыйзамсыз мигранттар таксиде иштешет” деп түшүндүргөн.

2023-жылдын октябрында Мамлекеттик Думага чет өлкөлүк жарандарга мектептерде, фармацевтика тармагында, мамлекеттик медициналык мекемелерде, такси жана жүк ташууда иштөөгө тыюу салуу сунушталган мыйзам долбоору киргизилген. 2023-жылы ноябрда Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой мигранттарга курьер, таксист жана сатуучу болуп иштөөгө тыюу салууну сунуштады. “Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык маанай күчөдү. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында укук коргоо кызматкерлери чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине рейд жүргүзө башташты. Кээ бир учурларда мигранттар аскер комиссариатында каттоого алынды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.