DOLON MEDIA

Теңир-Тоодо жазгы талаа иштери качан башталат?


Учурда Нарын облусунун аймагында  суук болуп,  кар кете элек болгондуктан, жазгы талаа иштерине даярдыкты толук кандуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бирок талаачылык иштери башталганга чейин техникалар ремонттолуп, толук даярдалат,-деп билдиришти Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Экономика жана регионду өнүктүрүү бөлүмүнөн.

Нарын облусундагы 25 техникалык тейлөө сервистери жаз, күз мезгилдеринде айылдык товар өндүрүүчүлөргө кызамт көрсөтүп келишет. Механизаторлорго  жазгы талаа жумуштарына  техникаларды даярдоо боюнча  тапшырмалар берилип, керектүү техникалар даярдалууда.

Маалыматка ылайык,  облус боюнча 1961 тарактор бар. Алардын ичинен 75 пайызы, же 1468 трактор оң абалда. 927 соконун 66 пайызы,  1295 тырмоонун 56 пайызы, 240 эгин сепкичтин 58 пайызы, 809 чиркегичтин 87 пайызы,  161 арык казгычтын 85 пайызы даяр туруп, оң абалда.

Теңиртоодо жазгы айдап-себүү жумуштары 15-25-апрелден башталат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.